КАНБЕРРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНБЕ́РРА – Австралиянын борбору (1927-жыл­дан) шаар. Австралиянын түштүк-чыгышында, дөңсөөлүү түздүктө, деңиз деңгээлинен 600 м бийикте, Берли-Гриффин жасалма көлүнүн жээгинде жайгашкан. Калкы 466,5 миң (2023). Канберра шаар айланасы менен өз алдынча административдик бирдикти түзөт.
Өлкөнүн илимий, ишкер жана маданий борбору. Темир жолу аркылуу Сидней шаары менен туташат. Шаар америкалык архитекторлор У. Б. жана М. М. Гриффиндердин долбоору боюнча (эл аралык конкурста жеңген) 1913-жыл­дан курула баштаган. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Коомдук, мамлекеттик жана саясий уюм­дардын штаб-квартиралары, улуттук ири банк­тардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Тамак-аш, жеңил, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Илимдер академиясы, улуттук CSIRO агентчилигинин штаб-кварти­расы, Австралия аборигендерин жана Торрес кы­сыгындагы аралдардын жашоочуларын изил­дөөчү институт, университеттер, китепканалар, улуттук галерея, илим жана техника улуттук борбору, му­зейлер

Шаардын жалпы көрүнүшү.

(анын ичинде динозаврлар), театрлар (анын ичинде опе­ра), Австралия аскер мемориалы жана башкалар бар. Бар­дык курулуштары неоклассика стилинде салы­нып, 11–12 кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу са­лынган. Ботаникалык бак, зоопарк жана аквариум уюш­турулган. Жыл сайын улуттук фольклор жана гүлдөр фестивалдары өткөрүлүп турат.