ИОНДУК БАЙЛАНЫШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИОНДУК БАЙЛАНЫШ</b> , э л е к т р-в а л е н т&shy; т и к  б а й л а н ы ш – химиялык байланыштардын бир түрү. Ал карама-каршы заряддалган ион&shy;дордун электр-статикалык өз ара аракеттенүү&shy;сүнө негизделген. Мындай байланыш жегич ме&shy;таллдардын галогениддеринде даана байка&shy;лат, мисалы, КF. Элементтердин мезгилдик систе&shy;масында топтор жакындаган сайын иондук байланыштын күчү азаят. Мисалы, NaClго караганда АlCl<sub>3</sub>тө иондук байланыштын күчү аз. Иондук байланыштын мейкиндикте белгилүү бир багыты болбойт, анткени ар бир иондун те&shy;герегинде багыттар б-ча кулондук бирдей күчтөр таасир этет. Карама-каршы заряддуу эки ион өз ара аракеттенишсе, алар бири биринин зарядда&shy;рынын күчтүк талааларын толук канааттандыр&shy;байт, себеби ар бир ион башка багыттар боюнча да карама-каршы заряддуу иондор м-н аракеттени&shy;шет. Демек, иондук байланыш каныкпастыгы м-н мүнөздө&shy;лөт. Кристаллда ар бир ион карама-каршы за&shy;ряддуу иондордун максималдуу санынын курчоо&shy;сунда болот. Мисалы, NaCl кристаллында натрий ионунун тегерегинде хлордун алты иону жайга&shy;шышат. Иондук байланыштагы бирикмелер уюлдуу эрит&shy;кичтерде жакшы эрийт, диссоциацияланат, электр агымын жакшы өткөрүп, электролизденет.
<b type='title'>ИОНДУК БАЙЛАНЫШ</b> , э л е к т р-в а л е н т&shy; т и к  б а й л а н ы ш – химиялык байланыштардын бир түрү. Ал карама-каршы заряддалган ион&shy;дордун электр-статикалык өз ара аракеттенүү&shy;сүнө негизделген. Мындай байланыш жегич ме&shy;таллдардын галогениддеринде даана байка&shy;лат, мисалы, КF. Элементтердин мезгилдик систе&shy;масында топтор жакындаган сайын иондук байланыштын күчү азаят. Мисалы, NaClго караганда АlCl<sub>3</sub>тө иондук байланыштын күчү аз. Иондук байланыштын мейкиндикте белгилүү бир багыты болбойт, анткени ар бир иондун те&shy;герегинде багыттар боюнча кулондук бирдей күчтөр таасир этет. Карама-каршы заряддуу эки ион өз ара аракеттенишсе, алар бири биринин зарядда&shy;рынын күчтүк талааларын толук канааттандыр&shy;байт, себеби ар бир ион башка багыттар боюнча да карама-каршы заряддуу иондор м-н аракеттени&shy;шет. Демек, иондук байланыш каныкпастыгы м-н мүнөздө&shy;лөт. Кристаллда ар бир ион карама-каршы за&shy;ряддуу иондордун максималдуу санынын курчоо&shy;сунда болот. Мисалы, NaCl кристаллында натрий ионунун тегерегинде хлордун алты иону жайга&shy;шышат. Иондук байланыштагы бирикмелер уюлдуу эрит&shy;кичтерде жакшы эрийт, диссоциацияланат, электр агымын жакшы өткөрүп, электролизденет.
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]

08:34, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

ИОНДУК БАЙЛАНЫШ , э л е к т р-в а л е н т­ т и к б а й л а н ы ш – химиялык байланыштардын бир түрү. Ал карама-каршы заряддалган ион­дордун электр-статикалык өз ара аракеттенүү­сүнө негизделген. Мындай байланыш жегич ме­таллдардын галогениддеринде даана байка­лат, мисалы, КF. Элементтердин мезгилдик систе­масында топтор жакындаган сайын иондук байланыштын күчү азаят. Мисалы, NaClго караганда АlCl3тө иондук байланыштын күчү аз. Иондук байланыштын мейкиндикте белгилүү бир багыты болбойт, анткени ар бир иондун те­герегинде багыттар боюнча кулондук бирдей күчтөр таасир этет. Карама-каршы заряддуу эки ион өз ара аракеттенишсе, алар бири биринин зарядда­рынын күчтүк талааларын толук канааттандыр­байт, себеби ар бир ион башка багыттар боюнча да карама-каршы заряддуу иондор м-н аракеттени­шет. Демек, иондук байланыш каныкпастыгы м-н мүнөздө­лөт. Кристаллда ар бир ион карама-каршы за­ряддуу иондордун максималдуу санынын курчоо­сунда болот. Мисалы, NaCl кристаллында натрий ионунун тегерегинде хлордун алты иону жайга­шышат. Иондук байланыштагы бирикмелер уюлдуу эрит­кичтерде жакшы эрийт, диссоциацияланат, электр агымын жакшы өткөрүп, электролизденет.