ИОНДУК БАЙЛАНЫШ
ИОНДУК БАЙЛАНЫШ, э л е к т р-в а л е н т т и к б а й л а н ы ш – химиялык байланыштардын бир түрү. Ал карама-каршы заряддалган иондордун электр-статикалык өз ара аракеттенүүсүнө негизделген. Мындай байланыш жегич металлдардын галогениддеринде даана байкалат, мисалы, КF. Элементтердин мезгилдик системасында топтор жакындаган сайын иондук байланыштын күчү азаят. Мисалы, NaClго караганда АlCl3тө иондук байланыштын күчү аз. Иондук байланыштын мейкиндикте белгилүү бир багыты болбойт, анткени ар бир иондун тегерегинде багыттар боюнча кулондук бирдей күчтөр таасир этет. Карама-каршы заряддуу эки ион өз ара аракеттенишсе, алар бири биринин заряддарынын күчтүк талааларын толук канааттандырбайт, себеби ар бир ион башка багыттар боюнча да карама-каршы заряддуу иондор м-н аракеттенишет. Демек, иондук байланыш каныкпастыгы м-н мүнөздөлөт. Кристаллда ар бир ион карама-каршы заряддуу иондордун максималдуу санынын курчоосунда болот. Мисалы, NaCl кристаллында натрий ионунун тегерегинде хлордун алты иону жайгашышат. Иондук байланыштагы бирикмелер уюлдуу эриткичтерде жакшы эрийт, диссоциацияланат, электр агымын жакшы өткөрүп, электролизденет.