КАН (чептин калдыгы): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАН</b> – Кокон хандыгынын чебинин калдыгы.<br> | <b type='title'>КАН</b> – Кокон хандыгынын чебинин калдыгы.<br>Баткен районундагы Дара капчыгайында, Кан айы­лынын этек жагында, Сох суусунун оң жээгин­деги бийик тектирчеде жайгашкан. Жергиликтүү калкка Кудаяр хандын чеби катары белгилүү. | ||
Баткен | |||
[[File:КАН 258.png | thumb | Кан кокон чеби.]] | [[File:КАН 258.png | thumb | Кан кокон чеби.]] | ||
XIX кылымдын орто ченинде курулуп, дубалдары <i>пакса­дан</i> тургузулган. Кокон хандыгынын мезгилинде бажыкана жана айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган. Анда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштөрдү басуу үчүн гарнизон турган. Сакталып калган дубалынын бийикт. 2–2,7 <i>м</i> (алгачкы бийикт. 3,2 <i>м</i>), дубалынын жазылыгы түбү 0,8 <i>м</i>, үстү 0,3 <i>м</i>. Дубалдарында (0,7 ж-а 1 <i>м</i> бийикте) 2 катар чакмак тартибинде жайгашкан ок атуу­чу тешиктери болгон. Чептин түш. бөлүгү чар­балык иштер үчүн курулса керек, түндүк бөлүгүнүн бурчтарында жана ортосунда мунаралар тургузул­ган. Мунаралар чептин түштүк бөлүгүнөн түндүк бөлү­гүнө киши өткөрбөй тосуп турган. Чептин орто­сунда дубалга жанаша салынган таш пайдубал сакталган. Түндүк-батыш бөлүгүндө төрт бурчтуу 3 курулуштун калдыктары бар. Чептин ичин­де дубалга жабыштырыла салынган үйлөр бол­гон. Орто кылымга жана Кокон мезгилине мүнөздүү карапа сыныктары табылган. Чепти археолог­дор М. Э. Воронец, Т. Г. Оболдуева, Ю. Д. Баруз­дин, Ю. А. Заднепровский жана Д. Ф. Винник изилдеген. | |||
дубалынын бийикт. 2–2,7 <i>м</i> (алгачкы бийикт. | |||
3,2 <i>м</i>), дубалынын жазылыгы түбү 0,8 <i>м</i>, үстү 0,3 <i>м</i>. Дубалдарында (0,7 ж-а 1 <i>м</i> бийикте) 2 катар чакмак тартибинде жайгашкан ок атуу­чу тешиктери болгон. Чептин түш. бөлүгү чар­балык иштер үчүн курулса керек, | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
10:31, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАН – Кокон хандыгынын чебинин калдыгы.
Баткен районундагы Дара капчыгайында, Кан айылынын этек жагында, Сох суусунун оң жээгиндеги бийик тектирчеде жайгашкан. Жергиликтүү калкка Кудаяр хандын чеби катары белгилүү.

XIX кылымдын орто ченинде курулуп, дубалдары паксадан тургузулган. Кокон хандыгынын мезгилинде бажыкана жана айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган. Анда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштөрдү басуу үчүн гарнизон турган. Сакталып калган дубалынын бийикт. 2–2,7 м (алгачкы бийикт. 3,2 м), дубалынын жазылыгы түбү 0,8 м, үстү 0,3 м. Дубалдарында (0,7 ж-а 1 м бийикте) 2 катар чакмак тартибинде жайгашкан ок атуучу тешиктери болгон. Чептин түш. бөлүгү чарбалык иштер үчүн курулса керек, түндүк бөлүгүнүн бурчтарында жана ортосунда мунаралар тургузулган. Мунаралар чептин түштүк бөлүгүнөн түндүк бөлүгүнө киши өткөрбөй тосуп турган. Чептин ортосунда дубалга жанаша салынган таш пайдубал сакталган. Түндүк-батыш бөлүгүндө төрт бурчтуу 3 курулуштун калдыктары бар. Чептин ичинде дубалга жабыштырыла салынган үйлөр болгон. Орто кылымга жана Кокон мезгилине мүнөздүү карапа сыныктары табылган. Чепти археологдор М. Э. Воронец, Т. Г. Оболдуева, Ю. Д. Баруздин, Ю. А. Заднепровский жана Д. Ф. Винник изилдеген.