КАМЧАТКА (дарыя): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАМЧА́ТКА (башатында – Көлдүү Камчатка) – Россиядагы дарыя, Камчатка обл-нда. Уз. 758 км, алабынын аянты 55,9 миң км2. Ортолук кырка тоосунан башталат да, Борб. Камчатка ойдуңу аркылуу агып, Тынч океандын Камчатка булу­ңуна куят. Жер астындагы (35%), кар (34%), мөңгү (28%) ж-а жамгыр (3%) сууларынан ку­ралат. Жылдык орт. чыгымы төмөнкү агымында 921 м3/сек. Ноябрда тоңуп, апрель–майда ачы­лат; ысык булак чыккан жерлери тоңбойт. Ча­тынан 486 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Лосось балыгы урук чачуучу жер. Ба­лык кармалат. Чатында Усть-Камчатск порту жайгашкан.