КАМОО-ТӨР АЛТЫН КЕНЧЕСИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМОО-ТӨР АЛТЫН КЕНЧЕСИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда. Таза-Кемин тоосунун түн.-чыгыш капталында, Кичи Кемин суусунун баш жагында, деңиз деңг. 2900–3250 м бийикте жайгашкан. 1988-ж. табылып, 1988–94-ж. издөөбаалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы акыркы рифей плагиограниттери, акыркы ордовик сиениттери жиреп өткөн көпүрө-сай свитасынын рифейдеги метаморфизмделген сланецтеринен түзүлгөн. Кен метаморфизмделген сланецтердеги тектон. жаракалардын субмеридиандык ж-а түн.-чыгыш багыттагы кошулган жери м-н байланышкан. Жаракаларды бойлой гидротерм процесстеринен өзгөргөн сланецтер тилкесинде кварц тарамдары, сульфиддик минералдар кездешет. Кенташ тарамдары алтын-сульфид-кварц формация тибине кирет. Негизги минералдары: алтын, пирит, арсенопирит, галенит, сфалерит, күмүш, электрум ж. б. Кенташтагы алтындын орт. өлчөмү 7,55 г/T , күмүш – 37,12 г/T . Запасы 869,9 миң T , алтын – 6,57 T , күмүш – 32,29 T .