КАМАКУРА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМА́КУРА – Япониядагы музей-шаар. Сагами булуңунун жээгинде, Хонсю а-нын түш.-чыгышында жайгашкан. Калкы 165,2 миң (2007).

Жолдор тоому. Шаардын арх-расында салттуу ж-а заманбап курулуштар айкалышып курулган. Будданын (Дайбуцу) колодон куюлган статуясы (1252; бийикт. 11,5 м), көптөгөн буддизм ж-а синтоизм храмдары м-н монастырлар (Хасэоэра, 8-к.; Гокуракудзи, Энгакудзи 13-к.; Цуругаока Хатимангу, 1063–1828; бардыгы жыгачтан салынган) сакталган. Шаар сёгундардын борбору катары 1192-ж. негизделген. Кино, машина куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Музейлер (улуттук байлык, заманбап иск-во), көркөмколдонмо буюмдар, сувенирлер өндүрүшү бар. Буддисттердин зыярат борбору. Деңиз курорту. Туризм (жылына 20 млнго жакын туристтер келет) өнүккөн.