КАЛЬМАРЛАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛЬМАРЛАР (Teythida) – баш буттуу моллюскалар түркүмү. Дене уз. 2 смден 5 мге жетет. Ири К-дын уз. 6–13 мге (тинтүүрү м-н), кээде 18 мге, салм. 300 кгдан 1 тга чейин жетет.

Башында 8 буту, 2 тинтүүрү бар. Тинтүүрүндө төрт же андан көбүрөөк катар соргучтары болот. Скелети мүйүз сымал ичке пластинка (гладиус). Бардыгынын радуласы ж-а сыя баштыкчалары бар . Тайыз сууда жашоочу К. түсүн өзгөртүп турат, тереңдегилери бир түстө же түссүз. Көбүнүн жарык чыгаруучу органдары бар. К-дын 25 тукуму, 85тен ашык уруусу, 250дөн ашык түрү Арктикадан Антарктидага чейин таралган. К. – үйүрү м-н жүргөн активдүү жырткычтар. Деңиз түбүндөгүлөрү – аз кыймылдаган макропланктонофагдар. К. – кашолоттун, о. эле кээ бир деңиз жаныбарларынын негизги азыгы. К. – фармацевтика ө. ж-нын сырьё булагы.