КАЛЬКУТТА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 5 сап: | 5 сап: | ||
иштейт. К. – Индиянын ири ил. ж-а маданий | иштейт. К. – Индиянын ири ил. ж-а маданий | ||
борбору. Эки ун-т (Калькутта, 1857; Жадавпур, 1955), ин-ттар (а. и. Рабиндри Бхарати), ж-а ил.-из. мекемелери (а. и. Ш. Бозе атн. Фунда­менталдык илимдер борбору), музейлер (а. и. ар­хеол., этногр.), Рабиндранат <i>Тагордун</i> үй-музейи, улуттук китепкана (анда учурда 1,5 млн китеп сакталууда), парк ж. б. бар. Сепил (Уильям фор­ту), Ыйык Павел христиан, Ыйык Ионн англи­кан соборлору, Накхода мечити, индус храмы, раджалардын ак сарайлары сакталган. Ботан. бак уюштурулуп, обсерватория курулган. Кино | борбору. Эки ун-т (Калькутта, 1857; Жадавпур, 1955), ин-ттар (а. и. Рабиндри Бхарати), ж-а ил.-из. мекемелери (а. и. Ш. Бозе атн. Фунда­менталдык илимдер борбору), музейлер (а. и. ар­хеол., этногр.), Рабиндранат <i>Тагордун</i> үй-музейи, улуттук китепкана (анда учурда 1,5 млн китеп сакталууда), парк ж. б. бар. Сепил (Уильям фор­ту), Ыйык Павел христиан, Ыйык Ионн англи­кан соборлору, Накхода мечити, индус храмы, раджалардын ак сарайлары сакталган. Ботан. бак уюштурулуп, обсерватория курулган. Кино | ||
[[File: КАЛИНИНГРАД3.png | thumb | Преголя дарыясынын жээги.]] | |||
индустриясынын <b>ири</b> борбору. Улуттук театр ж-а эл аралык кино фестивалдары, 1987-ж. Түш. Азия оюндарынын, 2005-жылдан аялдар ара­сында теннис турнири жыл сайын өткөрүлүп турат. Туризмдин ж-а зыярат кылуунун дүйнө­лүк маанидеги ири борбору. | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
09:12, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛЬКУ́ТТА (2001-жылдан расмий аталышы К о л к а т а) – Индиянын чыгышындагы ири шаар ж-а порт (жылына 10 млн T жүк ташылат). Гангдын бир салаасы (Хуглинин) боюнда, Бенгал булуңунан 150 км аралыкта жайгашкан. Батыш Бенгалия штатынын адм. борбору. Калкы 5,1 млн (2008; Чоң Калькутта агломерациясында 15 млн); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (Мумбаи, Делиден кийин). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Шаар 1690-ж. негизделген. К. 1773-жылдан 1911-ж. чейин Индиядагы Британия ээлигинин борбору болгон. К. – Индиянын чыгышындагы финансы, соода ө. ж-нын ири борбору. Шаарда фонд биржасы (соода жүргүзүү б-ча Мумбаиден кийинки), чет өлкөлүк банктардын ири өкүлчүлүктөрү, алдыңкы корпорациялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Ө. ж-нын алдыңкы тармагы машина куруу ж-а металл иштетүү (автомобилдер, ар түрдүү приборлор, электр-тех. продукциялар). Жут (дүйнөдөгү жуттун 50% өндүрүлөт), текстиль, хим., кагаз өндүрүшүнүн борбору. О. эле кеме куруу ж-а ремонттоо, фармацевтика, боёочу каражаттар, айнек, азык-түлүк, полигр. ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. К. – Индиянын ири ил. ж-а маданий борбору. Эки ун-т (Калькутта, 1857; Жадавпур, 1955), ин-ттар (а. и. Рабиндри Бхарати), ж-а ил.-из. мекемелери (а. и. Ш. Бозе атн. Фундаменталдык илимдер борбору), музейлер (а. и. археол., этногр.), Рабиндранат Тагордун үй-музейи, улуттук китепкана (анда учурда 1,5 млн китеп сакталууда), парк ж. б. бар. Сепил (Уильям форту), Ыйык Павел христиан, Ыйык Ионн англикан соборлору, Накхода мечити, индус храмы, раджалардын ак сарайлары сакталган. Ботан. бак уюштурулуп, обсерватория курулган. Кино

индустриясынын ири борбору. Улуттук театр ж-а эл аралык кино фестивалдары, 1987-ж. Түш. Азия оюндарынын, 2005-жылдан аялдар арасында теннис турнири жыл сайын өткөрүлүп турат. Туризмдин ж-а зыярат кылуунун дүйнөлүк маанидеги ири борбору.