КАЛЬКУЛЯТОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛЬКУЛЯ́ТОР (лат. сalculator – эсептегич) – эсептөөжүргүзүүчүтүзүлүш.Азыркыучурдабас­кыч топ (клавиша) аркылуу киргизүүчү ЭЭМ-дин ичинен кеңири тараганы. Өлчөмү эң кичи­не, чөнтөккө же баштыкка салып жүрмөсү – микрокалькулятор.

Микрокалькулятордун бар­дык моделдери сан ж-а командаларды киргиз­ме – чыгарма ж-а арифм. түзүлүштөрдөн, азык­тандыруучу блоктон турат. Эсептөө мүмкүнчүлүгү б-ча микрокалькулятор үч типке бөлүнөт; 1) жө­нөкөй микрокалькулятор арифм. төрт амалды аткарат, квадраттык тамыр чыгарат, процент табат, ал эми айрым моделдеринде алынган жы­йынтыктарды эсине сактоо мүмкүнчүлүктөрү ка­ралган. Эске жазылган сандарды баскыч топто­гу тиешелүү кнопканы басуу м-н таап алууга болот; 2) инж. микрокалькуляторлор ил.-тех. эсептөөлөрдү жүргүзүүгө ба­гытталган, аны м-н триго­нометрия, даража, көр­сөткүчтүү, логарифм ж. б. функцияларды эсептөөнү камтыган кыйла татаал эсептөөлөрдү жүргүзүүгө бо­лот. Мындай микрокальку­ляторлордо сандын факто­риалын (n!) табуу, радиан­дык ченден градустук ченге ж-а тескерисинче градустук ченден радиандык ченге өтүү ж. б. амалдар ка­ралган; 3) программалануучу микрокалькуля­тор – бул кыйла өркүндөтүлгөн түрү, жогорку экөөндө каралган бардык амалдарды ичине кам­тыйт. Эсептөө жүргүзүүдө шарттуу белгилөөлөр м-н анын программасы түзүлөт ж-а ал клавиша­дан терилип, микрокалькулятордун эсине кир­гизилет. Киргизилген программа автоматтык түрдө аткарылат. Ар типтеги микрокалькуля­тордо командалар саны ар башка болот.