КАЛУГА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛУ́ГА – Россиядагы шаар. Калуга обл-нун адм. борбору. Орто Орус дөңсөөсүндө, Ока д-нын

сол өйүзүндө жайгашкан. Калкы 327,5 миң (2007). Жолдор тоому. Т. ж. бекети. Ока д-ндагы пристань. Алгач 1371-ж. литва князы Ольгерддин грамотасында эскерилет. К-нын тургундары 1605–07-ж. И. И. Болотников жетектеген көтөрүлүштү колдогон. 1776–1929-ж. Калуга губерниясынын, 1944-жылдан Калуга обл-нун борбору. 1859–68-ж. имам Шамил (ардактуу туткун катары) жашаган. Мурда шаарда жыгач курулуштар басымдуулук кылса, 17-к-дын орто ченинен таштан салынган чиркөөлөр курула баштаган. Барокко стилиндеги 4 баскычтуу коңгуроолуу Успение (1754–62), Ыйык Ионн Предтеча (1734–35), Ыйыктар Косма ж-а Дамиан (1794) чиркөөлөрү, Троица собору, дворяндар окуу жайы (1779; учурда Мамл. пед. ун-т), почтамт (1782), меймандар ак сарайы, Макаров палатасы, Оболенскийдин үйү ж. б. сакталган. Машина куруу (электроника, транспорт ж-а ө. ж. жабдуулары), «Калугаприбор» (байланыш аппаратуралары), «Автоэлектроника-Элкар» ил.-өндүрүштүк ишканасы, «Промприбор» (1992; сууну ж-а жылуулук энергиясын эсептөөчү приборлор), «Мега- К» (1991; контактсыз өчүрүүчү приборлор ж-а датчиктер), электр-мех., металл иштетүү, транспорттук машина куруу [(т. ж. техникаларын ж-а автомобилдерди германиялык «Volkswagen» концернинин лицензиясынын негизинде чогултат (моделдери: «VW Passat», «Skoda Octavia»)], булгаары – бут кийим («Калуга – Шен-Заря» Россия – Германия бирикмеси), жыгаччылык («Гигант» бирикмеси), хим., тамак-аш («Кристалл» арак-шарап, пиво, эт, сүт ж. б.) ө. ж. ишканалары, клавишалуу муз. аспаптар өндүрүшү иштейт. Телемех. курулмалар ИИИ, Калуга ил. борбору, 16 ЖОЖ (а. и. филиалдар, пед. ин-т), авиация ж-а космос техникалары ил.-из. лаборсы, китепканалар, музейлер (а. и. край таануу, сүрөт, К. Э. Циолковский атн. Космонавтика тарыхы ж-а анын филиалы ж. б.), Циолковскийдин үй-музейи, театрлар, планетарий бар. 2002- жылдан 3 жылда бир С. И. Танеев атн. камералык ансамблдердин эл аралык конкурсу, «Калуга жазы» иск-во фестивалы (2004-жылдан) ж. б. өткөрүлүп турат.
Ч. Дүйшөналиев.