КАЛТАР ТҮЛКҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛТАР ТҮЛКҮ (Alopex lagopus) – карышкыр­лар тукумундагы сүт эмүүчү жырткыч айбанат. Дене уз. 50–75 см, салм. 6–10 кг, куйругунун уз. 40 смдей. Куйругунун жүнү калың. Түсү б-ча

ак ж-а көгүлтүр К. т-гө бөлүнөт. К. т. тундра, токойлуу тундрада жашайт. Көгүлтүр К. т. неги­зинен Командор а-нда кездешет. К. т. кемирүү­чүлөр (лемминг, момолой), чымчык ж-а алар­дын жумурткалары, жер-жемиш ж. б. м-н азык­танат. 7–12ден бачики тууйт. К. т. түндүктө куну тери промыселинин негизин түзөт. Айрыкча көгүлтүр К. т. абдан баалуу. Ал куну айбанат чарбаларында капаста багылат. К. т. терисинен тон, кийимдин жакасы, тумак ж. б. тигилет.