КАЛОРИМЕТРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛОРИМЕ́ТРИЯ – физ., хим. ж-а биол. про­цессте бөлүнүп чыгуучу же сиңирилүүчү жылуу­луктун санын өлчөө ыкмаларынын жыйынды­сы. «К.» термини 1780-ж. фр. химиктер А. Ла­вуазье ж-а П. Лаплас сунуш кылган. Телого (сис­темага) берилген же андан алынган жылуулук­тун саны Q темп-рага (Т) ж-а анын массасына (m) пропорциялаш. Q=Cmll T=W ll T. Мында С – салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу; W – калориметрдин жылуулугунун мааниси. К-лык тажрыйбада негизги өлчөнүүчү чоңдук – llТ.
К-нын кайсы түрү болбосун темп-раны ченей тур­ган аспаптар электр ысыткычтар м-н жабдылган ж-а курчап турган чөйрө м-н жылуулук алма­шуусун жөндөө үчүн кап м-н капталган. Жы­луулук алмашуунун мүнөзү б-ча калориметрлер­ди термиялык, адиабаталык ж-а жылуулук өт­көргүчтүк деп айырмалайт. Калориянын маалы­маттары заттардын термодин. касиеттерин, хим. тең салмактуулукту эсептөөдө, технол. процесс­тердин жылуулук теңдемесин түзүүдө ж. б. кол­донулат. Процесстерди изилдөөнүн мөөнөтү секун­ддун үлүшүнөн ондогон суткага чейин созулат.