КАЛМЫРЗА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛМЫРЗА Сарпек уулу (1866, Чүйдүн Он Бир-
Жылгасы – 1910) – төкмө акын. Жамакты жамгырдай төгүп, эл арасында кара жаак аталган.
Атасы Сарпек кедей адам болгондуктан, ал жардылыктын запкысын тарткан. Чыг-лык жолу, жашоо-турмушу татаал болгон. Ал Талас жергесин кыдырат, Олуя-Ата, Меркеде жүрүп, казак туугандарын аралайт. Шабдандын жардамы м-н Чүйгө көчүп келген акындын турмушунда, чыг-лыгында чоң бурулуш болот. 1900-жылдардын тегерегинде Чолпонкул манаптын баласы Жапаркулдун ашында Найманбай акын м-н айтышып, аны жеңип, чоң акын катары таанылат. К. кедей болсо да, жакшы кийинип, «алчактаган ак боз ат минип», эркин ырдаган.