КАЛМУРЗА-ТӨР ТОО ХРУСТАЛЫ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛМУРЗА-ТӨР ТОО ХРУСТАЛЫ КЕНИ Ош обл-нун Кара-Суу р-нунда, Папан кыш-нан түш.- чыгыш тарапта, Ак-Буура ж-а Гүлчө сууларынын аралыгында. 1966-ж. табылган. Кен аймагында лава тоо тектери тараган. Алардын арасында калыңдыгы 0,2–0,5 мге, чанда 3 мге, уз. 5–300 мге жеткен сүттөй ак кварц тарамдары кезигет. Бул тарамдарда бийикт. 2–3 см, эни 0,6–1 см тоо хрусталынын топтошкон кристаллдары учурайт. Кристаллдар тригон, призма түрүндө, төбөсү ромбоэдр. Тоо хрусталынан зергердик кооз буюмдарды жасоого болот.