КАЛМУРЗАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛМУРЗАЕВ Каный Егизбаевич (3. 2. 1932, Кызыл-Кыя – 1998, Бишкек) – геолог ж-а гео­химик, геология-минералогия ил. доктору (1972). Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1977), КРдин мамл. сыйл. лауреа­ты (1995).

Москва геол. чал­гындоо ин-тун бүткөн (1957). Кыргыз ССР ИАнын Геол. ин-тунун кенже (1957), улук (1965) ил. кызматкери, сек­тор башчысы (1973), Сейсмо­логия ин-тунун директору (1975– 88), К ыргыз ССР ИАнын Тоо тектеринин фи­зикасы ж-а механикасы ин­тунда лабор. башчысы (1988– 98). 140тан ашык ил. эмгектин автору (а. и. 10 монография). Эмгектери негизинен Теңир-Тоо бүктөлүү системасындагы байыркы тоо тектер­дин геол. түзүлүшүн, курамын ж-а кен-байлык-

тарды изилдөөгө, формация-геохим. анализдөөгө арналган. Кембрий м-н ордовикте пайда болуп, металлдар кеңири тараган каралжын сланец­терди Түркстан-Алай, Заравшан, Кызыл-Кум ж-а Нура-Тоо аймактарында толук изилдеп, ку­рамында сейрек, чачыранды ж. б. баалуу хим. элементтер бар көмүртек-кремнийлүү каралжын формациясын өз алдынча структура-формация­лык ж-а стратигр. бирдик катары бөлгөн. Ме­далдар м-н сыйланган.


Эмг.: К палеографии протерозоя и нижнего палеозоя Тянь-Шаньской складчатой системы //«Изв. АН Кирг. ССР». В. 4. 1972; О принципах комплексного сейсми­ческого районирования // Сейсмо-тектоника неко­торых районов Юга СССР. М., 1976.