КАЛК ГЕОГРАФИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛК ГЕОГРАФИЯСЫ – түрдүү социалдык, экон., тарыхый ж-а табигый шарттарда калк­тын ж-а калктуу жерлердин азыркы курамын ж-а өнүгүүсүнүн закон ченемин, аймак б-ча өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү илим. Экон. геогра­фиянын бир тармагы. К. г. эки негизги багыт­ка ажыратылат: 1) өз алдынча өлкөлөрдү ж-а анын айрым бөлүктөрүндөгү (Кырг-нда – облус, район, айыл округу, айыл калкы) калкты изилдөө; 2) тармактарды ж-а калк жайгашкан аймактык системаларды региондук айырмачы­лыктары аркылуу калктын отурукташуу тип­терин ж-а формаларын изилдөө; мында байкоо­нун бирдиги болуп конуш (кыштак) эсептелет. Жогорудагы эки багыт тең бири-бири м-н ты­гыз байланышта. К. г. төмөнкүлөрдү иликтейт: калктын өндүрүштөгү аймактык айырмачылык­тарын; анын демогр. структурасын; социалдык ж-а этностук курамын; эмгек ресурстарын ж-а аны пайдаланууну; миграциянын ургаалдуулу­гун, анын курамын ж-а багытын; калктын жыштыгын ж-а аймакка жайгаштыруу тибин, жашоо ыңгайындагы аймактык айырмачылык­тарын окутат. Бул аркылуу К. г-нын башка тар­мактары келип чыкты: эмгек ресурстарынын географиясы, миграция географиясы, калктуу пункт географиясы ж. б. К. г. демография, этно­графия, социология, экономика ж. б. илимдер м-н тыгыз байланышта.