КАЛК ГЕОГРАФИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛК ГЕОГРАФИЯСЫ – түрдүү социалдык, экономикалык, тарыхый ж-а табигый шарттарда калк­тын ж-а калктуу жерлердин азыркы курамын ж-а өнүгүүсүнүн закон ченемин, аймак боюнча өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү илим. Экономикалык геогра­фиянын бир тармагы. Калк географиясы эки негизги багыт­ка ажыратылат: 1) өз алдынча өлкөлөрдү ж-а анын айрым бөлүктөрүндөгү (Кыргызстанда – облус, район, айыл округу, айыл калкы) калкты изилдөө; 2) тармактарды ж-а калк жайгашкан аймактык системаларды региондук айырмачы­лыктары аркылуу калктын отурукташуу тип­терин ж-а формаларын изилдөө; мында байкоо­нун бирдиги болуп конуш (кыштак) эсептелет. Жогорудагы эки багыт тең бири-бири м-н ты­гыз байланышта. Калк географиясы төмөнкүлөрдү иликтейт: калктын өндүрүштөгү аймактык айырмачылык­тарын; анын демографиялык структурасын; социалдык ж-а этностук курамын; эмгек ресурстарын ж-а аны пайдаланууну; миграциянын ургаалдуулу­гун, анын курамын ж-а багытын; калктын жыштыгын ж-а аймакка жайгаштыруу тибин, жашоо ыңгайындагы аймактык айырмачылык­тарын окутат. Бул аркылуу калк географиясынын башка тар­мактары келип чыкты: эмгек ресурстарынын географиясы, миграция географиясы, калктуу пункт географиясы ж. б. Калк географиясы демография, этно­графия, социология, экономика ж. б. илимдер м-н тыгыз байланышта.