КАЛИЙЛҮҮ ТАЛАА ШПАТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛИЙЛҮҮ ТАЛАА ШПАТЫ – минерал. Хим. курамы KAl3O8. Өз ичинен микроклин ж-а орто­клаз болуп эки түргө бөлүнөт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6–6,5. С. салм. 2,54–2,57. Микро­клин кызыл, чийкил кызыл, ортоклаз ак, сар­гыч, кызгылтым боз болот. Жаратылышта кеңи­ри тараган минерал. Гранит, пегматит тектери­нин курамына кирет. Карапа ө. ж-нда, кээде ку­рулуш ишинде колдонулат. Айрым түрлөрү (амо­зонит ж. б.) асыл таштардын катарына кирет.