КАЛИЙЛҮҮ ТАЛАА ШПАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИЙЛҮҮ ТАЛАА ШПАТЫ – минерал. Химиялык курамы KAl3O8. Өз ичинен микроклин ж-а орто­клаз болуп эки түргө бөлүнөт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6–6,5. Салыштырма салм. 2,54–2,57. Микро­клин кызыл, чийкил кызыл, ортоклаз ак, сар­гыч, кызгылтым боз болот. Жаратылышта кеңи­ри тараган минерал. Гранит, пегматит тектери­нин курамына кирет. Карапа өнөр жайында, кээде ку­рулуш ишинде колдонулат. Айрым түрлөрү (амо­зонит ж. б.) асыл таштардын катарына кирет.