ИОНДУК ӨТКӨРГҮЧТҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИОНДУК ӨТКӨРГҮЧТҮК – айрым заттардын эркин иондордун болушу м-н шартталган (сырт­кы электр талаасынын таасири астында макро­скоптук аралыкка тартиптүү кыймылдоочу иондор) электр өткөрүмдүүлүгү. Электролиттер И. ө-кө ээ. Газда И. ө. кандайдыр бир иондоочу булактардын таасири астында бош иондордун түзүлүшү учурунда пайда болот. Иондук крис­таллдарда крисстал торчосундагы микробузу­луулардын таасиринен бош иондор түзүлгөндө нака И. ө-кө ээ болот. И. ө. жогорку темп-рада байкалып, жылуулук термелүү учурунда флук­туациянын (термелүүнүн орт. маанисинен чет­теши) негизинде иондук кристаллда пайда бол­гон бузулууга; ал эми аралашма И. ө. төмөнкү темп-рада байкалып, ага байланыштуу бузулуу­га негизделген.