ИНТРАЗОНАЛУУЛУК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ИНТРАЗОНАЛУУЛУК (лат. intra – ичинде ж-а гр. zone – алкак, зона) – бир жаратылыш зонасынын ичиндеги (аймагындагы) ар түрдүү (жерг.) геосистемалардын калыптанышы. Мис., тайгадагы же тундрадагы мамык чөптүү саз, талаа зонасындагы шор баскан аянтчалар ж. б. Алар түрдүү өзгөчө шарттардын (ашыкча нымдуулуктун, тоо тектердин өзгөчөлүктөрдүн) натыйжасында пайда болуп, ал зонага мүнөздүү ландшафттардан ээлеген аянттары б-ча кыйла чакан келет. «И.» термини негизинен топурак кыртышына ж-а өсүмдүктөрүнө, ландшафтынын морфол. түзүлүшүнө карата колдонулат.