ИНТЕРВЕНЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТЕРВЕ́НЦИЯ</b> (лат. interventio – келем, кий­лигишем) – эл аралык укукта мамлекеттин ички ж-а тышкы саясатына башка бир же бир нече мамлекеттин кийлигишүүсү. Башка мамлекет­тин жерин басып алуу, | <b type='title'>ИНТЕРВЕ́НЦИЯ</b> (лат. interventio – келем, кий­лигишем) – эл аралык укукта мамлекеттин ички ж-а тышкы саясатына башка бир же бир нече мамлекеттин кийлигишүүсү. Башка мамлекет­тин жерин басып алуу, экономикалык күнкорлукка дуу­шарлантуу – интервенциянын негизги максаты. БУУнун Уставында белгиленген мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принцибине (2-статья, 4-пункт) ылайык кандай гана себеп м-н болсо да башка мамлекеттин ишине кийлигишүүгө, анын саясий көз карандысыздыгына коркунуч туудурууга, чек арасын бузууга бир да мамле­кеттин акысы жок. Күч м-н зордоо ж-а опуза­лоо эл аралык маселелерди жөнгө салуучу ка­ражат болбоого тийиш. Ар бир талаш маселе тынчтык жол м-н чечилиши (БУУнун Уставы, 2-статья, 3-пункт) зарыл. Интервенциянын аскердик (ку­ралдуу), саясий, идеологиялык ж. б. түрлөрү белгилүү. Аскердик интервенцияда көбүнчө согуш жүргүзүүнүн мый­замдары, салттары бузулуп, калкты жазалоо акциялары жүргүзүлүп, улуттук байлыктар тонолуп ж-а көптөгөн кыйроолорго алып келет. Аскердик (куралдуу) интервенция ачык же жашыруун түрдө болот. Ачык аскердик интервенцияда бир мамле­кеттин же мамлекеттер коалициясынын курал­дуу күчтөрү башка мамлекеттин аймагына ба­сып кирет. Жашыруун аскердик интервенцияда козголоң­чулар керектүү куралдар м-н камсыз болуп, баш­ка мамлекеттин аймагында согушка даярдалат. Саясий интервенцияда төңкөрүштөр, жашыруун саясий топторго жардам көрсөтүү, мамлекеттик ж-а саясий ишмерлерге пара берүү, өткөрүлүп жаткан шай­лоолорго кийлигишүү, дипломатиялык кысым көрсөтүү ж. б. ыкмалар колдонулат. Идеологиялык интервенцияда ММК колдонулуп, ар кандай мазмундагы адабияттар, ушактар таратылып, расалык ж-а улуттук жаң­жалдар, чыр-чатактар, конфликттер күчөтүлөт. Интервенциянын ар кандай формасына жол бербөө макса­тында 1965-жылы БУУнун Ассамблеясынын 20-сес­сиясы атайын Декларация кабыл алган. Учур­да эл аралык укук интервенциянын бардык түрлөрүн мый­замсыз деп таап, ага тыюу салууда. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
05:28, 29 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТЕРВЕ́НЦИЯ (лат. interventio – келем, кийлигишем) – эл аралык укукта мамлекеттин ички ж-а тышкы саясатына башка бир же бир нече мамлекеттин кийлигишүүсү. Башка мамлекеттин жерин басып алуу, экономикалык күнкорлукка дуушарлантуу – интервенциянын негизги максаты. БУУнун Уставында белгиленген мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принцибине (2-статья, 4-пункт) ылайык кандай гана себеп м-н болсо да башка мамлекеттин ишине кийлигишүүгө, анын саясий көз карандысыздыгына коркунуч туудурууга, чек арасын бузууга бир да мамлекеттин акысы жок. Күч м-н зордоо ж-а опузалоо эл аралык маселелерди жөнгө салуучу каражат болбоого тийиш. Ар бир талаш маселе тынчтык жол м-н чечилиши (БУУнун Уставы, 2-статья, 3-пункт) зарыл. Интервенциянын аскердик (куралдуу), саясий, идеологиялык ж. б. түрлөрү белгилүү. Аскердик интервенцияда көбүнчө согуш жүргүзүүнүн мыйзамдары, салттары бузулуп, калкты жазалоо акциялары жүргүзүлүп, улуттук байлыктар тонолуп ж-а көптөгөн кыйроолорго алып келет. Аскердик (куралдуу) интервенция ачык же жашыруун түрдө болот. Ачык аскердик интервенцияда бир мамлекеттин же мамлекеттер коалициясынын куралдуу күчтөрү башка мамлекеттин аймагына басып кирет. Жашыруун аскердик интервенцияда козголоңчулар керектүү куралдар м-н камсыз болуп, башка мамлекеттин аймагында согушка даярдалат. Саясий интервенцияда төңкөрүштөр, жашыруун саясий топторго жардам көрсөтүү, мамлекеттик ж-а саясий ишмерлерге пара берүү, өткөрүлүп жаткан шайлоолорго кийлигишүү, дипломатиялык кысым көрсөтүү ж. б. ыкмалар колдонулат. Идеологиялык интервенцияда ММК колдонулуп, ар кандай мазмундагы адабияттар, ушактар таратылып, расалык ж-а улуттук жаңжалдар, чыр-чатактар, конфликттер күчөтүлөт. Интервенциянын ар кандай формасына жол бербөө максатында 1965-жылы БУУнун Ассамблеясынын 20-сессиясы атайын Декларация кабыл алган. Учурда эл аралык укук интервенциянын бардык түрлөрүн мыйзамсыз деп таап, ага тыюу салууда.