ИНТЕРВЕНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРВЕ́НЦИЯ (лат. interventio – келем, кий­лигишем) – эл аралык укукта мамлекеттин ички ж-а тышкы саясатына башка бир же бир нече мамлекеттин кийлигишүүсү. Башка мамлекет­тин жерин басып алуу, экономикалык күнкорлукка дуу­шарлантуу – интервенциянын негизги максаты. БУУнун Уставында белгиленген мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принцибине (2-статья, 4-пункт) ылайык кандай гана себеп м-н болсо да башка мамлекеттин ишине кийлигишүүгө, анын саясий көз карандысыздыгына коркунуч туудурууга, чек арасын бузууга бир да мамле­кеттин акысы жок. Күч м-н зордоо ж-а опуза­лоо эл аралык маселелерди жөнгө салуучу ка­ражат болбоого тийиш. Ар бир талаш маселе тынчтык жол м-н чечилиши (БУУнун Уставы, 2-статья, 3-пункт) зарыл. Интервенциянын аскердик (ку­ралдуу), саясий, идеологиялык ж. б. түрлөрү белгилүү. Аскердик интервенцияда көбүнчө согуш жүргүзүүнүн мый­замдары, салттары бузулуп, калкты жазалоо акциялары жүргүзүлүп, улуттук байлыктар тонолуп ж-а көптөгөн кыйроолорго алып келет. Аскердик (куралдуу) интервенция ачык же жашыруун түрдө болот. Ачык аскердик интервенцияда бир мамле­кеттин же мамлекеттер коалициясынын курал­дуу күчтөрү башка мамлекеттин аймагына ба­сып кирет. Жашыруун аскердик интервенцияда козголоң­чулар керектүү куралдар м-н камсыз болуп, баш­ка мамлекеттин аймагында согушка даярдалат. Саясий интервенцияда төңкөрүштөр, жашыруун саясий топторго жардам көрсөтүү, мамлекеттик ж-а саясий ишмерлерге пара берүү, өткөрүлүп жаткан шай­лоолорго кийлигишүү, дипломатиялык кысым көрсөтүү ж. б. ыкмалар колдонулат. Идеологиялык интервенцияда ММК колдонулуп, ар кандай мазмундагы адабияттар, ушактар таратылып, расалык ж-а улуттук жаң­жалдар, чыр-чатактар, конфликттер күчөтүлөт. Интервенциянын ар кандай формасына жол бербөө макса­тында 1965-жылы БУУнун Ассамблеясынын 20-сес­сиясы атайын Декларация кабыл алган. Учур­да эл аралык укук интервенциянын бардык түрлөрүн мый­замсыз деп таап, ага тыюу салууда.