ИНТЕГРАЛДЫК РЕСУРСТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:14, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНТЕГРАЛДЫК РЕСУРСТАР – өз ара тыгыз байланышта ж-а бири-бирине көз каранды бол­гон бардык табият ресурстарынын түрлөрүнүн (маалымат, энергетикалык, заттык ж. б.) жы­йындысы, б. а. коомдун тиричилигинде кездеш­кен бардык табият факторлору м-н адамзаттын материалдык ж-а эмгек ресурстарынын айкалы­шы. Ресурстун бир түрүнүн же тобунун сандык же сапаттык өзгөрүүсү сөзсүз же билинер-билин­бес башка ресурстардын өзгөрүүсүнө алып келет. Мис., суунун азайышы ал аймактын энергети­калык ж. б. көрсөткүчтөрүнүн, коомдун тири­чилиги м-н чарбалык шарттардын өзгөрүшүнө алып келет. Натыйжада ал эмгек өндүрүмдүү­лүгүнө, калктын миграциясына ж. б. таасирин тийгизет. Мис., Кырг-нда 2008-ж. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн өтө азайы­шынын натыйжасында келип чыккан электр энергиясын пайдаланууну чектөө ж. б. жагым­сыз шарттар.