ИНТЕГРАЛДЫК РЕСУРСТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕГРАЛДЫК РЕСУРСТАР – өз ара тыгыз байланышта ж-а бири-бирине көз каранды бол­гон бардык табият ресурстарынын түрлөрүнүн (маалымат, энергетикалык, заттык ж. б.) жы­йындысы, башкача айтканда коомдун тиричилигинде кездеш­кен бардык табият факторлору м-н адамзаттын материалдык ж-а эмгек ресурстарынын айкалы­шы. Ресурстун бир түрүнүн же тобунун сандык же сапаттык өзгөрүүсү сөзсүз же билинер-билин­бес башка ресурстардын өзгөрүүсүнө алып келет. Мисалы, суунун азайышы ал аймактын энергети­калык ж. б. көрсөткүчтөрүнүн, коомдун тири­чилиги м-н чарбалык шарттардын өзгөрүшүнө алып келет. Натыйжада ал эмгек өндүрүмдүү­лүгүнө, калктын миграциясына ж. б. таасирин тийгизет. Мисалы, Кыргызстанда 2008-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн өтө азайы­шынын натыйжасында келип чыккан электр энергиясын пайдаланууну чектөө ж. б. жагым­сыз шарттар.