ИНСТИНКТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНСТИ́НКТ</b> (лат. instinctus – пайда болуу, ой­гонуу) – организмдин тарыхый өрчүү процессинде иштелип чыккан, алардын белгилүү тиричилик шартына ыңгайлануусунун бирден-бир форма­сы. Жаныбар түрүнө тубаса мүнөздүү жүрүм-ту­румуна түрткү болуучу татаал кыймыл-аракет­теринин жыйындысы. | <b type='title'>ИНСТИ́НКТ</b> (лат. instinctus – пайда болуу, ой­гонуу) – организмдин тарыхый өрчүү процессинде иштелип чыккан, алардын белгилүү тиричилик шартына ыңгайлануусунун бирден-бир форма­сы. Жаныбар түрүнө тубаса мүнөздүү жүрүм-ту­румуна түрткү болуучу татаал кыймыл-аракет­теринин жыйындысы. Инстинкт жаныбардын шарт­туу ж-а шартсыз рефлекстик ж-а аракеттери­нин татаал чиеленген элементтери. Инстинкт нерв сис­темасы татаал бардык жаныбарларда байкалат. Мындай кубулуштарды балыкта, канаттууда, сүт эмүүчүдө, айрыкча топтошуп жашоочу курт-­кумурскалардан көрүүгө болот. Инстинкт П. <i>Павловдун</i> пикири боюнча жаныбарда ар түрдүү, биологиялык маа­нисине карата бир нече топторго бөлүнөт: азык издөө (олжосун аңдуу, кышка карата азык даяр­доо ж. б. у. с.), коргонуу (мисалы, тиш, тырмак­тын, жүрүм-турумунун ар кандай позалары), жыныстык (балыктардын урук таштоо учурун­дагы миграциясы, канаттуунун ж-а сүт эмүүчү­нүн үйүгүшүүсү), ата-энелик (тукумуна кам көрүү, уя салуу, эмизүү ж. б.). Адамдын инстинкти аң-сезим­ге байланыштуу, себеби адамдын жүрүш-туру­шу коомдук турмуш, социалдык мамилелер м-н жөнгө салынып, жогорку нерв системасы­нын өзгөчө формаларынын негизинде калыпта­нат. Инстинктти изилдөөнүн медицинада психикалык ооруларды аныктоо үчүн, ветеринарияда жаны­барларды тандоодо ж-а байырлаштырууда, айыл чарба зыянкечтерин жоготууда мааниси чоң. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
10:19, 27 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНСТИ́НКТ (лат. instinctus – пайда болуу, ойгонуу) – организмдин тарыхый өрчүү процессинде иштелип чыккан, алардын белгилүү тиричилик шартына ыңгайлануусунун бирден-бир формасы. Жаныбар түрүнө тубаса мүнөздүү жүрүм-турумуна түрткү болуучу татаал кыймыл-аракеттеринин жыйындысы. Инстинкт жаныбардын шарттуу ж-а шартсыз рефлекстик ж-а аракеттеринин татаал чиеленген элементтери. Инстинкт нерв системасы татаал бардык жаныбарларда байкалат. Мындай кубулуштарды балыкта, канаттууда, сүт эмүүчүдө, айрыкча топтошуп жашоочу курт-кумурскалардан көрүүгө болот. Инстинкт П. Павловдун пикири боюнча жаныбарда ар түрдүү, биологиялык маанисине карата бир нече топторго бөлүнөт: азык издөө (олжосун аңдуу, кышка карата азык даярдоо ж. б. у. с.), коргонуу (мисалы, тиш, тырмактын, жүрүм-турумунун ар кандай позалары), жыныстык (балыктардын урук таштоо учурундагы миграциясы, канаттуунун ж-а сүт эмүүчүнүн үйүгүшүүсү), ата-энелик (тукумуна кам көрүү, уя салуу, эмизүү ж. б.). Адамдын инстинкти аң-сезимге байланыштуу, себеби адамдын жүрүш-турушу коомдук турмуш, социалдык мамилелер м-н жөнгө салынып, жогорку нерв системасынын өзгөчө формаларынын негизинде калыптанат. Инстинктти изилдөөнүн медицинада психикалык ооруларды аныктоо үчүн, ветеринарияда жаныбарларды тандоодо ж-а байырлаштырууда, айыл чарба зыянкечтерин жоготууда мааниси чоң.