ИНСАЙТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:14, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНСА́ЙТ (анг. insight – көрө билүү, түшүнүү) – жеке тажрыйбаларга ж-а кемчиликтерге таян­ган билимдер, бир нерсени илип алуу, дароо түшүнүү же үйрөнүү. И. кубулуштары тууралуу ил. билимдердин көпчүлүгү 20-к-дагы немис пси­хологу, гештальтпсихологияны негиздөөчүлөр­дүн бири Вольфганг Кёлердин жаныбарлардын жүрүм-турумуна арналган эмгектеринен алын­ган. Ал адам сымал маймылдардын интеллек­тин изилдөө үчүн бир нече ирет эксперименттер­ди жасаган, бирок адамдын ж-а антропоиддер­дин интеллекттерин принциптүү айырмалап


көрсөткөн эмес. Бир кылган иш-аракетти көп жолу кайталоо аркылуу адамдар да аны кө­нүмүш адатка айландырышат. Ушундай аракет­ти эске алуу м-н адамдардын жүрүм-турумунда­гы аң-сезимсиз мотивдерди ж-а патол. бузулуу­лардын себептерин аныктоо үчүн И. психоте­рапияда ж-а психоанализде кеңири пайдала­нылат.