ИНСАЙТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНСА́ЙТ (анг. insight – көрө билүү, түшүнүү) – жеке тажрыйбаларга ж-а кемчиликтерге таян­ган билимдер, бир нерсени илип алуу, дароо түшүнүү же үйрөнүү. Инсайт кубулуштары тууралуу илимий билимдердин көпчүлүгү 20-кылымдагы немис пси­хологу, гештальтпсихологияны негиздөөчүлөр­дүн бири Вольфганг Кёлердин жаныбарлардын жүрүм-турумуна арналган эмгектеринен алын­ган. Ал адам сымал маймылдардын интеллек­тин изилдөө үчүн бир нече ирет эксперименттер­ди жасаган, бирок адамдын ж-а антропоиддер­дин интеллекттерин принциптүү айырмалап көрсөткөн эмес. Бир кылган иш-аракетти көп жолу кайталоо аркылуу адамдар да аны кө­нүмүш адатка айландырышат. Ушундай аракет­ти эске алуу м-н адамдардын жүрүм-турумунда­гы аң-сезимсиз мотивдерди ж-а патологиялык бузулуу­лардын себептерин аныктоо үчүн инсайт психоте­рапияда ж-а психоанализде кеңири пайдала­нылат.