ИНЕРЦИЯЛЫК НАВИГАЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (2 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНЕРЦИЯЛЫК НАВИГА́ЦИЯ</b> – 1) транспорт | <b type='title'>ИНЕРЦИЯЛЫК НАВИГА́ЦИЯ</b> – 1) транспорт каражаттарынын багытын ж-а ордун аныктоо ыкмасы; 2) гироскоп, акселерометр ж-а компью­терден турган система. Объектилердин (кеме, самолёт, ракета ж. б.) кыймылынын координа­талары м-н параметрлерин аныктоого, телонун автоматтык башкарууга багытталган, инерция касиетине негизделген ж-а автономиялуу кый­мылын башкаруу методу, башкача айтканда тышкы аракет­тин болушун талап кылбаган ыкма. Гироскоп­тор платформанын горизонталдык ж-а верти­калдык, ошондой эле Түндүк, Түштүк багыттарда туруктуу кармайт. Унаа каражатынын багытынын өзгө­рүшү дайыма платформага салыштырмалуу кө­зөмөлдөнөт. Бул учурда унаа каражатынын ыл­дамдануусун горизонталдуу, керек учурда вер­тикалдуу тегиздикте өлчөөчү акселерометрден ылдамдыктын көрсөткүчтөрү келип түшөт. Унаа каражатынын ордун эсептеп табуу компьютер аркылуу ишке ашырылат. Навигация маселеле­рин чечүүнүн кадимки ыкмасы тышкы багыт­тоочу белгилерди же сигналдарды (жылдыз, маяк, радио сигнал ж. б.) пайдаланууга негиздел­ген. Бул ыкма абдан эле жөнөкөй, бирок ай­рым учурда чоң ылдамдыктагы (мисалы, космоско учууда) кыймыл үчүн зарыл болгон тактыкты бере албайт. Инерциялык навигация 20-кылымдын 30-жылдары негиз­делип, орус өнүгүшүнө илимпоздору Б. В. Булга­ков, А. Ю. Ишлинский, немис илимпозу М. Шу­лер ж-а америкалык Ч. Дрейпер өз салымдарын кош­кон. Инерциялык навигацияны биринчи жолу 1942-жылы америкалык ин­женер Фон Браун иштеп чыккан. Инерциялык навигация принци­би Ньютон закондоруна таянат. Инерциялык навигация кеме, суу астындагы кайык, самолёт, космос аппараты­нын кыймылын башкарууда кеңири пайдала­нылат. | ||
каражаттарынын багытын ж-а ордун аныктоо ыкмасы; 2) гироскоп, акселерометр ж-а компью­терден турган система. Объектилердин (кеме, самолёт, ракета ж. б.) кыймылынын координа­талары м-н параметрлерин аныктоого, телонун автоматтык башкарууга багытталган, инерция касиетине негизделген ж-а автономиялуу кый­мылын башкаруу методу, | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
10:06, 26 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНЕРЦИЯЛЫК НАВИГА́ЦИЯ – 1) транспорт каражаттарынын багытын ж-а ордун аныктоо ыкмасы; 2) гироскоп, акселерометр ж-а компьютерден турган система. Объектилердин (кеме, самолёт, ракета ж. б.) кыймылынын координаталары м-н параметрлерин аныктоого, телонун автоматтык башкарууга багытталган, инерция касиетине негизделген ж-а автономиялуу кыймылын башкаруу методу, башкача айтканда тышкы аракеттин болушун талап кылбаган ыкма. Гироскоптор платформанын горизонталдык ж-а вертикалдык, ошондой эле Түндүк, Түштүк багыттарда туруктуу кармайт. Унаа каражатынын багытынын өзгөрүшү дайыма платформага салыштырмалуу көзөмөлдөнөт. Бул учурда унаа каражатынын ылдамдануусун горизонталдуу, керек учурда вертикалдуу тегиздикте өлчөөчү акселерометрден ылдамдыктын көрсөткүчтөрү келип түшөт. Унаа каражатынын ордун эсептеп табуу компьютер аркылуу ишке ашырылат. Навигация маселелерин чечүүнүн кадимки ыкмасы тышкы багыттоочу белгилерди же сигналдарды (жылдыз, маяк, радио сигнал ж. б.) пайдаланууга негизделген. Бул ыкма абдан эле жөнөкөй, бирок айрым учурда чоң ылдамдыктагы (мисалы, космоско учууда) кыймыл үчүн зарыл болгон тактыкты бере албайт. Инерциялык навигация 20-кылымдын 30-жылдары негизделип, орус өнүгүшүнө илимпоздору Б. В. Булгаков, А. Ю. Ишлинский, немис илимпозу М. Шулер ж-а америкалык Ч. Дрейпер өз салымдарын кошкон. Инерциялык навигацияны биринчи жолу 1942-жылы америкалык инженер Фон Браун иштеп чыккан. Инерциялык навигация принциби Ньютон закондоруна таянат. Инерциялык навигация кеме, суу астындагы кайык, самолёт, космос аппаратынын кыймылын башкарууда кеңири пайдаланылат.