ИНЕРЦИЯЛЫК НАВИГАЦИЯ
ИНЕРЦИЯЛЫК НАВИГА́ЦИЯ – 1) транспорт каражаттарынын багытын ж-а ордун аныктоо ыкмасы; 2) гироскоп, акселерометр ж-а компьютерден турган система. Объектилердин (кеме, самолёт, ракета ж. б.) кыймылынын координаталары м-н параметрлерин аныктоого, телонун автоматтык башкарууга багытталган, инерция касиетине негизделген ж-а автономиялуу кыймылын башкаруу методу, башкача айтканда тышкы аракеттин болушун талап кылбаган ыкма. Гироскоптор платформанын горизонталдык ж-а вертикалдык, ошондой эле Түндүк, Түштүк багыттарда туруктуу кармайт. Унаа каражатынын багытынын өзгөрүшү дайыма платформага салыштырмалуу көзөмөлдөнөт. Бул учурда унаа каражатынын ылдамдануусун горизонталдуу, керек учурда вертикалдуу тегиздикте өлчөөчү акселерометрден ылдамдыктын көрсөткүчтөрү келип түшөт. Унаа каражатынын ордун эсептеп табуу компьютер аркылуу ишке ашырылат. Навигация маселелерин чечүүнүн кадимки ыкмасы тышкы багыттоочу белгилерди же сигналдарды (жылдыз, маяк, радио сигнал ж. б.) пайдаланууга негизделген. Бул ыкма абдан эле жөнөкөй, бирок айрым учурда чоң ылдамдыктагы (мисалы, космоско учууда) кыймыл үчүн зарыл болгон тактыкты бере албайт. Инерциялык навигация 20-кылымдын 30-жылдары негизделип, орус өнүгүшүнө илимпоздору Б. В. Булгаков, А. Ю. Ишлинский, немис илимпозу М. Шулер ж-а америкалык Ч. Дрейпер өз салымдарын кошкон. Инерциялык навигацияны биринчи жолу 1942-жылы америкалык инженер Фон Браун иштеп чыккан. Инерциялык навигация принциби Ньютон закондоруна таянат. Инерциялык навигация кеме, суу астындагы кайык, самолёт, космос аппаратынын кыймылын башкарууда кеңири пайдаланылат.