КАЛДАҢ СЕРЕН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛДАҢ СЕРЕН</b> , Г а л д а н Ц э р э н (моңгол­чо Galdan Seren, 1693–1745) – жуңгар ханы | <b type='title'>КАЛДАҢ СЕРЕН</b> , Г а л д а н Ц э р э н (моңгол­чо Galdan Seren, 1693–1745) – жуңгар ханы | ||
(1727–45), Цеван Рабдан <i>коңтаажынын</i> уулу. Атасынын агрессивдүү саясатын улантып, | (1727–45), Цеван Рабдан <i>коңтаажынын</i> уулу. Атасынын агрессивдүү саясатын улантып, түштүк- батыш, батыш, түндүк-батыш тарабындагы кыр­гыз, казактарга кол салып [к. <i>Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак (ойрот) согуштары</i>], Цин им­периясы м-н мамилеси курчуган. Калдаң Серендин ту­шунда калмактар Кетмен-Төбөдөгү кыргыздар­га жүрүш жасап (1732), «анжияндык» кыргыз­дарды убактылуу багындырып, Ташкент шаарын басып алган (1734). Улуу уулу Олоң (Лама) Дор­жу ж-а Сейтен нойондун колу Наманган, Кай­нар, Коконду курчоого алып, Ташкент шаарын кай­ра караткан (1742–45). Калдаң Серен өлгөндөн кийин бийликке кичүү уулу, 13 жаштагы Ажа (Аджа- Намджил-Цэван-Доржу хан, 1745–50) келген. Анын такка ээ болушу м-н Жуңгар хандыгын­дагы саясий-экономикалык кризистер күчөп, көп узабай бул хандык жоюлган. Ал учурлар кыргыз сан­жырасында «он сан ойрот бузулганда» деп ай­тылып калган. | ||
Ад.: <i>Златкин И. Я.</i> История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983; <i>Моисеев В. А.</i> Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; <i>Солто­ноев Б.</i> Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; <i>Са­паралиев Д.</i> Взаимоотношения кыргызского народа с | |||
Ад.: <i>Златкин И. Я.</i> История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983; <i>Моисеев В. А.</i> | |||
Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; <i>Солто­ноев Б.</i> Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; <i>Са­паралиев Д.</i> Взаимоотношения кыргызского народа с | |||
русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995. | русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:36, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАЛДАҢ СЕРЕН , Г а л д а н Ц э р э н (моңголчо Galdan Seren, 1693–1745) – жуңгар ханы (1727–45), Цеван Рабдан коңтаажынын уулу. Атасынын агрессивдүү саясатын улантып, түштүк- батыш, батыш, түндүк-батыш тарабындагы кыргыз, казактарга кол салып [к. Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак (ойрот) согуштары], Цин империясы м-н мамилеси курчуган. Калдаң Серендин тушунда калмактар Кетмен-Төбөдөгү кыргыздарга жүрүш жасап (1732), «анжияндык» кыргыздарды убактылуу багындырып, Ташкент шаарын басып алган (1734). Улуу уулу Олоң (Лама) Доржу ж-а Сейтен нойондун колу Наманган, Кайнар, Коконду курчоого алып, Ташкент шаарын кайра караткан (1742–45). Калдаң Серен өлгөндөн кийин бийликке кичүү уулу, 13 жаштагы Ажа (Аджа- Намджил-Цэван-Доржу хан, 1745–50) келген. Анын такка ээ болушу м-н Жуңгар хандыгындагы саясий-экономикалык кризистер күчөп, көп узабай бул хандык жоюлган. Ал учурлар кыргыз санжырасында «он сан ойрот бузулганда» деп айтылып калган.
Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995.