КАЛДАҢ СЕРЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛДАҢ СЕРЕН, Галдан Цэрэн (моңгол­чо Galdan Seren, 1693–1745) – жуңгар ханы (1727–1745), Цеван Рабдан коңтаажынын уулу. Атасынын агрессивдүү саясатын улантып, түштүк- батыш, батыш, түндүк-батыш тарабындагы кыр­гыз, казактарга кол салып [кара: Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак (ойрот) согуштары], Цин им­периясы менен мамилеси курчуп, 1729-жылдан 1737-жылга чейин аларга каршы бир нече ири жүрүштөргө чыгып, көптөгөн жеңиштерге жеткен жана чек аранын чегин аныктоо боюнча Жуңгар хандыгына пайдалуу шартта тынчтык келишимин түзүүгө жетишкен. Калдаң Серендин ту­шунда калмактар Кетмен-Төбөдөгү кыргыздар­га жүрүш жасап (1732), «анжияндык» кыргыз­дарды убактылуу багындырып, Ташкент шаарын басып алган (1734). Улуу уулу Олоң (Лама) Дор­жу жана Сейтен нойондун колу Наманган, Кай­нар, Коконду курчоого алып, Ташкент шаарын кай­ра караткан (1742–1745). Калдаң Серен өлгөндөн кийин бийликке кичүү уулу, 13 жаштагы Ажа (Аджа- Намджил-Цэван-Доржу хан, 1745–1750) келген. Анын такка ээ болушу менен Жуңгар хандыгын­дагы саясий-экономикалык кризистер күчөп, көп узабай бул хандык жоюлган. Ал учурлар кыргыз сан­жырасында «он сан ойрот бузулганда» деп ай­тылып калган.

Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Солто­ноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; Са­паралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995.