КАЗАКТАР (казак-орустар): нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЗАКТАР</b> , к а з а к - о р у с т а р (түркчө эркин адам) – Россиядагы этностук-сословиелик топтор; орус жерлеринин четки | <b type='title'>КАЗАКТАР</b> , к а з а к - о р у с т а р (түркчө эркин адам) – Россиядагы этностук-сословиелик топтор; орус жерлеринин четки түштүк аймакта­рында жашаган элдердин 14-кылымда калыптанган социалдык-этностук ж-а тарыхый жамааттары. Дон, Кубань, Оренбург ж-а Сибирь казактарынын ичинде орустар, украиндер басымдуулук кыл­ган, ошондой эле беларус, түштүк славян, татар, мордва, башкыр, калмак, кумык, ногой, чечен, армян, түркмөн, бурят ж. б. элдердин топтору да казактардын курамына кирген. 15-к-дын башынан казактар орус мамлекетине аскердик кызмат өтөй башташкан. 16-кылымда Украинада Запорожье Сечи, Тер казактарынын ж-а Сибирь казактарынын жамааттары, Речь Поспо­лита м-н чектешкен аймакты украин казактарынын поляк өкмөтүнө кызмат кылган өзгөчө тобу, 17- кылымдын ортосунда Чыгыш Украинада Слобода казактары пайда болгон. казактар Сибирь, Ыраакы Чыгыш ж-а Россиянын түштүк аймактарындагы жаңы жер­лерди өздөштүрүүгө активдүү катышкан. 16–17- кылымдарда казактар кеңири автономияга ээ болушкан. Бар­дык маанилүү иштер аскер чөйрөсүндө чечилип, жамааттын башында атамандар турган. Орус өкмөтү акырындык м-н казак облустарынын ав­тономиясын чектеп, казактарды толугу м-н өздөрүнө каратууга умтулушкан. 17–18-кылымдарда казактар өз эркин­диги үчүн талбай күрөшүп, падышага каршы көтөрүлүштөргө жигердүү катышкан. С. Т. <i>Ра­зин</i>, К. А. Булавин, Е. И. <i>Пугачёв</i> сыяктуу көтө­рүлүштүн жетекчилери казактардан чыккан. Булавин­дин көтөрүлүшү (1707–09) талкалангандан ки­йин Дон К-ынын бир бөлүгү Кубанга, кийин Ос­мон империясына өтүп кетишкен. Е. И. Пугачёв­дун көтөрүлүшү (1773–75) жеңилген соң, Запо­рожье Сечи жоюлган. 18–19-к-да бир катар ка­зак аскерлери жоюлуп, падыша өкмөтүнө то­лук баш ийген жаңы аскерлер (Астрахань, Орен­бург, Кара-Деңиз, Сибирь, Кавказ, Забайкалье, Амур, К убань, Терек , Жети-Суу, Уссури) түзүлгөн. К-дын жалпы саны 4,4 млндон ашып, 63 млн теше жерге ээлик кылган. К-дын бар­дык аскерлери адм. ж-а аскердик жактан Ас­кер министрлигине баш ийген. К. 18 жаштан 20 жыл, 1909-жылдан 18 жыл аскердик кызмат | ||
өкмөтү акырындык м-н казак | |||
өтөшкөн. 18–20-к-да К. Россиянын согуштук кампанияларынын баарына катышып, Жети жылдык (1756–63), Ата Мекендик (1812), Кав­каз (1817–64), Крым (1853–56) ж-а орус-түрк со­гуштарында айырмаланган. 19-к-дын аягы – 20- к-дын башында К. укук тартибин ж-а мамле­кеттин коопсуздугун камсыз кылууда кеңири пайдаланылган. Жарандык согуштун жүрүшүндө (1917–22) К. элдешкис эки лагерге бөлүнүп ке­тишкен. Көпчүлүгү А. П. Богаевский, А. И. Ду­тов, А. М. Каледин, П. Н. Краснов, К. К. Мамон­тов, Г. М. Семёнов, А. Г. Шкуронун команда­чылыгы алдында ак гвардиячылар, С. М. Будён­ный, Б. М. Думенко, Н. Д. Каширин, Ф. К. Ми­ронов жетектеген К. Совет бийлиги тарапта сал­гылашкан. Ак гвардиячылар талкалангандан кийин миңдеген К. чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 1920-ж. К. катмар катары жоюлган. 1936-ж. казак-орустарга Жумушчу-дыйкан Кы­зыл Армиясына кызмат кылууга уруксат бери­лип, Кавказ дивизиясы түзүлгөн. Улуу Ата Ме­кендик согушта (1941–45) К. душманга каршы баатырдык м-н салгылашкан. 1990-жылдардын башында Россияда К. уюмдары кайра пайда боло баштаган. 1996-ж. январда РФ Президен­тинин алдында К. аскерлеринин башкы баш­кармалыгы түзүлүп, ал 1998-ж. РФ Президен­тине караштуу Казактар маселеси б-ча башкар­малыкка айланган. | өтөшкөн. 18–20-к-да К. Россиянын согуштук кампанияларынын баарына катышып, Жети жылдык (1756–63), Ата Мекендик (1812), Кав­каз (1817–64), Крым (1853–56) ж-а орус-түрк со­гуштарында айырмаланган. 19-к-дын аягы – 20- к-дын башында К. укук тартибин ж-а мамле­кеттин коопсуздугун камсыз кылууда кеңири пайдаланылган. Жарандык согуштун жүрүшүндө (1917–22) К. элдешкис эки лагерге бөлүнүп ке­тишкен. Көпчүлүгү А. П. Богаевский, А. И. Ду­тов, А. М. Каледин, П. Н. Краснов, К. К. Мамон­тов, Г. М. Семёнов, А. Г. Шкуронун команда­чылыгы алдында ак гвардиячылар, С. М. Будён­ный, Б. М. Думенко, Н. Д. Каширин, Ф. К. Ми­ронов жетектеген К. Совет бийлиги тарапта сал­гылашкан. Ак гвардиячылар талкалангандан кийин миңдеген К. чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 1920-ж. К. катмар катары жоюлган. 1936-ж. казак-орустарга Жумушчу-дыйкан Кы­зыл Армиясына кызмат кылууга уруксат бери­лип, Кавказ дивизиясы түзүлгөн. Улуу Ата Ме­кендик согушта (1941–45) К. душманга каршы баатырдык м-н салгылашкан. 1990-жылдардын башында Россияда К. уюмдары кайра пайда боло баштаган. 1996-ж. январда РФ Президен­тинин алдында К. аскерлеринин башкы баш­кармалыгы түзүлүп, ал 1998-ж. РФ Президен­тине караштуу Казактар маселеси б-ча башкар­малыкка айланган. | ||
1993-ж. «Кыргызстандагы Жети-Суу казакта­рынын уюму» (атаманы М. И. Бучнев) түзүлүп, 2003-ж. «Кайра жаралуу» маданий-экон. борбо­ру, 2006-жылдан «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын республикалык уюму» (атаманы В. К. Бабичев) деп аталат. Уюмдун негизги мак­саты – К-дын үрп-адат ж-а салтынын негизин­де келечектеги муундарды мад-ттуулукка, спорт­ко, патриоттуулукка тарбиялоо, наркомания ж-а наркобизнеске каршы күрөшүү. Билим бор­бору, улуттук кийимдерин тигүү цехтери иш­тейт, 3 чиркөөсү бар. Казак ырларынын респ. фестивалы өткөрүлөт. «Союз 2007» фестивалы­нын чегинде «Зарница» казак хору эл аралык маданий программага катышат. «Казактар тынч­тык жана туруктуулук үчүн» гезити ж-а «Кыр­гызстандын Жети-Суу казак-орустары уюму» буклеттери чыгарылат. К. көп жашаган калк­туу конуштарда баштапкы жамааттары түзүл­гөн. «Кыргызстандагы Жети-Суу Казактарынын республикалык уюму» Россия К. союзунун бир бөлүгү ж-а Сибирь, Урал, Оренбург ж-а Жети- Суу К-ынын эл аралык уюмунун мүчөсү. | 1993-ж. «Кыргызстандагы Жети-Суу казакта­рынын уюму» (атаманы М. И. Бучнев) түзүлүп, 2003-ж. «Кайра жаралуу» маданий-экон. борбо­ру, 2006-жылдан «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын республикалык уюму» (атаманы В. К. Бабичев) деп аталат. Уюмдун негизги мак­саты – К-дын үрп-адат ж-а салтынын негизин­де келечектеги муундарды мад-ттуулукка, спорт­ко, патриоттуулукка тарбиялоо, наркомания ж-а наркобизнеске каршы күрөшүү. Билим бор­бору, улуттук кийимдерин тигүү цехтери иш­тейт, 3 чиркөөсү бар. Казак ырларынын респ. фестивалы өткөрүлөт. «Союз 2007» фестивалы­нын чегинде «Зарница» казак хору эл аралык маданий программага катышат. «Казактар тынч­тык жана туруктуулук үчүн» гезити ж-а «Кыр­гызстандын Жети-Суу казак-орустары уюму» буклеттери чыгарылат. К. көп жашаган калк­туу конуштарда баштапкы жамааттары түзүл­гөн. «Кыргызстандагы Жети-Суу Казактарынын республикалык уюму» Россия К. союзунун бир бөлүгү ж-а Сибирь, Урал, Оренбург ж-а Жети- Суу К-ынын эл аралык уюмунун мүчөсү. | ||
Ад .: Ист ория каз аче ства а зиа тск ой России. Екатеринбург, 1995. т. 1–3; Российское казачество / Отв. ред. Т. В. Таболина. М., 2003. | Ад .: Ист ория каз аче ства а зиа тск ой России. Екатеринбург, 1995. т. 1–3; Российское казачество / Отв. ред. Т. В. Таболина. М., 2003. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:20, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАЗАКТАР , к а з а к - о р у с т а р (түркчө эркин адам) – Россиядагы этностук-сословиелик топтор; орус жерлеринин четки түштүк аймактарында жашаган элдердин 14-кылымда калыптанган социалдык-этностук ж-а тарыхый жамааттары. Дон, Кубань, Оренбург ж-а Сибирь казактарынын ичинде орустар, украиндер басымдуулук кылган, ошондой эле беларус, түштүк славян, татар, мордва, башкыр, калмак, кумык, ногой, чечен, армян, түркмөн, бурят ж. б. элдердин топтору да казактардын курамына кирген. 15-к-дын башынан казактар орус мамлекетине аскердик кызмат өтөй башташкан. 16-кылымда Украинада Запорожье Сечи, Тер казактарынын ж-а Сибирь казактарынын жамааттары, Речь Посполита м-н чектешкен аймакты украин казактарынын поляк өкмөтүнө кызмат кылган өзгөчө тобу, 17- кылымдын ортосунда Чыгыш Украинада Слобода казактары пайда болгон. казактар Сибирь, Ыраакы Чыгыш ж-а Россиянын түштүк аймактарындагы жаңы жерлерди өздөштүрүүгө активдүү катышкан. 16–17- кылымдарда казактар кеңири автономияга ээ болушкан. Бардык маанилүү иштер аскер чөйрөсүндө чечилип, жамааттын башында атамандар турган. Орус өкмөтү акырындык м-н казак облустарынын автономиясын чектеп, казактарды толугу м-н өздөрүнө каратууга умтулушкан. 17–18-кылымдарда казактар өз эркиндиги үчүн талбай күрөшүп, падышага каршы көтөрүлүштөргө жигердүү катышкан. С. Т. Разин, К. А. Булавин, Е. И. Пугачёв сыяктуу көтөрүлүштүн жетекчилери казактардан чыккан. Булавиндин көтөрүлүшү (1707–09) талкалангандан кийин Дон К-ынын бир бөлүгү Кубанга, кийин Осмон империясына өтүп кетишкен. Е. И. Пугачёвдун көтөрүлүшү (1773–75) жеңилген соң, Запорожье Сечи жоюлган. 18–19-к-да бир катар казак аскерлери жоюлуп, падыша өкмөтүнө толук баш ийген жаңы аскерлер (Астрахань, Оренбург, Кара-Деңиз, Сибирь, Кавказ, Забайкалье, Амур, К убань, Терек , Жети-Суу, Уссури) түзүлгөн. К-дын жалпы саны 4,4 млндон ашып, 63 млн теше жерге ээлик кылган. К-дын бардык аскерлери адм. ж-а аскердик жактан Аскер министрлигине баш ийген. К. 18 жаштан 20 жыл, 1909-жылдан 18 жыл аскердик кызмат өтөшкөн. 18–20-к-да К. Россиянын согуштук кампанияларынын баарына катышып, Жети жылдык (1756–63), Ата Мекендик (1812), Кавказ (1817–64), Крым (1853–56) ж-а орус-түрк согуштарында айырмаланган. 19-к-дын аягы – 20- к-дын башында К. укук тартибин ж-а мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда кеңири пайдаланылган. Жарандык согуштун жүрүшүндө (1917–22) К. элдешкис эки лагерге бөлүнүп кетишкен. Көпчүлүгү А. П. Богаевский, А. И. Дутов, А. М. Каледин, П. Н. Краснов, К. К. Мамонтов, Г. М. Семёнов, А. Г. Шкуронун командачылыгы алдында ак гвардиячылар, С. М. Будённый, Б. М. Думенко, Н. Д. Каширин, Ф. К. Миронов жетектеген К. Совет бийлиги тарапта салгылашкан. Ак гвардиячылар талкалангандан кийин миңдеген К. чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 1920-ж. К. катмар катары жоюлган. 1936-ж. казак-орустарга Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясына кызмат кылууга уруксат берилип, Кавказ дивизиясы түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) К. душманга каршы баатырдык м-н салгылашкан. 1990-жылдардын башында Россияда К. уюмдары кайра пайда боло баштаган. 1996-ж. январда РФ Президентинин алдында К. аскерлеринин башкы башкармалыгы түзүлүп, ал 1998-ж. РФ Президентине караштуу Казактар маселеси б-ча башкармалыкка айланган. 1993-ж. «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын уюму» (атаманы М. И. Бучнев) түзүлүп, 2003-ж. «Кайра жаралуу» маданий-экон. борбору, 2006-жылдан «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын республикалык уюму» (атаманы В. К. Бабичев) деп аталат. Уюмдун негизги максаты – К-дын үрп-адат ж-а салтынын негизинде келечектеги муундарды мад-ттуулукка, спортко, патриоттуулукка тарбиялоо, наркомания ж-а наркобизнеске каршы күрөшүү. Билим борбору, улуттук кийимдерин тигүү цехтери иштейт, 3 чиркөөсү бар. Казак ырларынын респ. фестивалы өткөрүлөт. «Союз 2007» фестивалынын чегинде «Зарница» казак хору эл аралык маданий программага катышат. «Казактар тынчтык жана туруктуулук үчүн» гезити ж-а «Кыргызстандын Жети-Суу казак-орустары уюму» буклеттери чыгарылат. К. көп жашаган калктуу конуштарда баштапкы жамааттары түзүлгөн. «Кыргызстандагы Жети-Суу Казактарынын республикалык уюму» Россия К. союзунун бир бөлүгү ж-а Сибирь, Урал, Оренбург ж-а Жети- Суу К-ынын эл аралык уюмунун мүчөсү.
Ад .: Ист ория каз аче ства а зиа тск ой России. Екатеринбург, 1995. т. 1–3; Российское казачество / Отв. ред. Т. В. Таболина. М., 2003.