КАЗАКТАР (казак-орустар)
КАЗАКТАР , к а з а к - о р у с т а р (түркчө эркин адам) – Россиядагы этностук-сословиелик топтор; орус жерлеринин четки түштүк аймактарында жашаган элдердин 14-кылымда калыптанган социалдык-этностук ж-а тарыхый жамааттары. Дон, Кубань, Оренбург ж-а Сибирь казактарынын ичинде орустар, украиндер басымдуулук кылган, ошондой эле беларус, түштүк славян, татар, мордва, башкыр, калмак, кумык, ногой, чечен, армян, түркмөн, бурят ж. б. элдердин топтору да казактардын курамына кирген. 15-к-дын башынан казактар орус мамлекетине аскердик кызмат өтөй башташкан. 16-кылымда Украинада Запорожье Сечи, Тер казактарынын ж-а Сибирь казактарынын жамааттары, Речь Посполита м-н чектешкен аймакты украин казактарынын поляк өкмөтүнө кызмат кылган өзгөчө тобу, 17- кылымдын ортосунда Чыгыш Украинада Слобода казактары пайда болгон. казактар Сибирь, Ыраакы Чыгыш ж-а Россиянын түштүк аймактарындагы жаңы жерлерди өздөштүрүүгө активдүү катышкан. 16–17- кылымдарда казактар кеңири автономияга ээ болушкан. Бардык маанилүү иштер аскер чөйрөсүндө чечилип, жамааттын башында атамандар турган. Орус өкмөтү акырындык м-н казак облустарынын автономиясын чектеп, казактарды толугу м-н өздөрүнө каратууга умтулушкан. 17–18-кылымдарда казактар өз эркиндиги үчүн талбай күрөшүп, падышага каршы көтөрүлүштөргө жигердүү катышкан. С. Т. Разин, К. А. Булавин, Е. И. Пугачёв сыяктуу көтөрүлүштүн жетекчилери казактардан чыккан. Булавиндин көтөрүлүшү (1707–09) талкалангандан кийин Дон казактарынын бир бөлүгү Кубанга, кийин Осмон империясына өтүп кетишкен. Е. И. Пугачёвдун көтөрүлүшү (1773–75) жеңилген соң, Запорожье Сечи жоюлган. 18–19-кылымдарда бир катар казак аскерлери жоюлуп, падыша өкмөтүнө толук баш ийген жаңы аскерлер (Астрахань, Оренбург, Кара-Деңиз, Сибирь, Кавказ, Забайкалье, Амур, Кубань, Терек , Жети-Суу, Уссури) түзүлгөн. Казактардын жалпы саны 4,4 млндон ашып, 63 млн теше жерге ээлик кылган. казактардын бардык аскерлери административдик ж-а аскердик жактан аскер министрлигине баш ийген. Казактар 18 жаштан 20 жыл, 1909-жылдан 18 жыл аскердик кызмат өтөшкөн. 18–20-кылымдарда казактар Россиянын согуштук кампанияларынын баарына катышып, Жети жылдык (1756–63), Ата Мекендик (1812), Кавказ (1817–64), Крым (1853–56) ж-а орус-түрк согуштарында айырмаланган. 19-кылымдын аягы – 20- кылымдын башында казактар укук тартибин ж-а мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда кеңири пайдаланылган. Жарандык согуштун жүрүшүндө (1917–22) казактар элдешкис эки лагерге бөлүнүп кетишкен. Көпчүлүгү А. П. Богаевский, А. И. Дутов, А. М. Каледин, П. Н. Краснов, К. К. Мамонтов, Г. М. Семёнов, А. Г. Шкуронун командачылыгы алдында ак гвардиячылар, С. М. Будённый, Б. М. Думенко, Н. Д. Каширин, Ф. К. Миронов жетектеген казактар Совет бийлиги тарапта салгылашкан. Ак гвардиячылар талкалангандан кийин миңдеген казактар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 1920-ж. казактар катмар катары жоюлган. 1936-жылы казак-орустарга Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясына кызмат кылууга уруксат берилип, Кавказ дивизиясы түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) казактар душманга каршы баатырдык м-н салгылашкан. 1990-жылдардын башында Россияда казактар уюмдары кайра пайда боло баштаган. 1996-жылы январда РФ Президентинин алдында казактар аскерлеринин башкы башкармалыгы түзүлүп, ал 1998-жылы РФ Президентине караштуу казактар маселеси боюнча башкармалыкка айланган. 1993-жылы «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын уюму» (атаманы М. И. Бучнев) түзүлүп, 2003-жылы «Кайра жаралуу» маданий-экономикалык борбору, 2006-жылдан «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын республикалык уюму» (атаманы В. К. Бабичев) деп аталат. Уюмдун негизги максаты – казактардын үрп-адат ж-а салтынын негизинде келечектеги муундарды маданияттуулукка, спортко, патриоттуулукка тарбиялоо, наркомания ж-а наркобизнеске каршы күрөшүү. Билим борбору, улуттук кийимдерин тигүү цехтери иштейт, 3 чиркөөсү бар. Казак ырларынын республикалык фестивалы өткөрүлөт. «Союз 2007» фестивалынын чегинде «Зарница» казак хору эл аралык маданий программага катышат. «Казактар тынчтык жана туруктуулук үчүн» гезити ж-а «Кыргызстандын Жети-Суу казак-орустары уюму» буклеттери чыгарылат. Казактар көп жашаган калктуу конуштарда баштапкы жамааттары түзүлгөн. «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын республикалык уюму» Россия казактар союзунун бир бөлүгү ж-а Сибирь, Урал, Оренбург ж-а Жети- Суу казактарынын эл аралык уюмунун мүчөсү.
Ад .: История казачества азиатской России. Екатеринбург, 1995. т. 1–3; Российское казачество / Отв. ред. Т. В. Таболина. М., 2003.