КАГОСИМА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАГО́СИМА</b> – Япониядагы шаар. Кагосима пре­фектурасынын | <b type='title'>КАГО́СИМА</b> – Япониядагы шаар. Кагосима пре­фектурасынын административдик борбору. Кюсю аралынын түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 593,7 миң (2021). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкө­нүн балык кармоочу ири деңиз порту (Рюкю аралы м-н паром аркылуу байланышат). 1889-жылдан шаар статусуна ээ. Цурумару сепилинин кал­дыктары (18-кылым), таш көпүрөлөр сакталган. Ма­шина куруу, текстиль, химия, металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Карапа (13-кылым), сацума фаянсы (16-кылым) ж-а фарфор (19-кылым) өндүрүшүнүн борбору. Университеттер, музейлер, океанариум бар. Япон стилиндеги ландшафт паркы, ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган. Кагосимадан 40 <i>км</i> түндүк-батыш­та «Сендай» АЭСи, Осуми жарым аралында Утиноура кос­мос изилдөө борбору, шаардан 9 <i>км</i> чыгышта аракеттеги Сакурадзима жанартоосу (акыркы жолу 1960-жылы атылган) жайгашкан. Ысык бу­лактар чыгат. Туризм өнүккөн. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
04:53, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАГО́СИМА – Япониядагы шаар. Кагосима префектурасынын административдик борбору. Кюсю аралынын түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 593,7 миң (2021). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн балык кармоочу ири деңиз порту (Рюкю аралы м-н паром аркылуу байланышат). 1889-жылдан шаар статусуна ээ. Цурумару сепилинин калдыктары (18-кылым), таш көпүрөлөр сакталган. Машина куруу, текстиль, химия, металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Карапа (13-кылым), сацума фаянсы (16-кылым) ж-а фарфор (19-кылым) өндүрүшүнүн борбору. Университеттер, музейлер, океанариум бар. Япон стилиндеги ландшафт паркы, ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган. Кагосимадан 40 км түндүк-батышта «Сендай» АЭСи, Осуми жарым аралында Утиноура космос изилдөө борбору, шаардан 9 км чыгышта аракеттеги Сакурадзима жанартоосу (акыркы жолу 1960-жылы атылган) жайгашкан. Ысык булактар чыгат. Туризм өнүккөн.