КАГОСИМА
КАГО́СИМА – Япониядагы шаар. Кагосима префектурасынын административдик борбору. Кюсю аралынын түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 593,7 миң (2021). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн балык кармоочу ири деңиз порту (Рюкю аралы м-н паром аркылуу байланышат). 1889-жылдан шаар статусуна ээ. Цурумару сепилинин калдыктары (18-кылым), таш көпүрөлөр сакталган. Машина куруу, текстиль, химия, металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Карапа (13-кылым), сацума фаянсы (16-кылым) ж-а фарфор (19-кылым) өндүрүшүнүн борбору. Университеттер, музейлер, океанариум бар. Япон стилиндеги ландшафт паркы, ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган. Кагосимадан 40 км түндүк-батышта «Сендай» АЭСи, Осуми жарым аралында Утиноура космос изилдөө борбору, шаардан 9 км чыгышта аракеттеги Сакурадзима жанартоосу (акыркы жолу 1960-жылы атылган) жайгашкан. Ысык булактар чыгат. Туризм өнүккөн.