ИСТОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>И́СТОН</b> Дейвид (24. 6. 1917- | <b type='title'>И́СТОН</b> '''Дейвид''' (24. 6. 1917-жылы туулган, Канада, То­ронто) – америкалык саясат таануучу. Саясат таануу­да биринчилерден болуп системалык ыкманы колдонгон. Истондун үчилтиги: «Саясий система» (1953), «Саясий анализ үчүн концепциялык структура» (1965), «Саясий турмушту система­лык анализдөө» (1965) – бул системалык ана­лизди саясат таанууда пайдаланууга кийирген зор салым. Истондун саясий анализ методу эки ар­тыкчылыкка ээ. Биринчиден, саясий система бул анын структураларынын өз ара аракетте­ринин жөн гана системасы эмес, бул дайыма өзгөрүп ж-а өкүм сүрүп туруучу, динамикалык система экендигине негизги көңүлдү бургандыгын­да. Истонду өтүп жаткан процесстерди анализдөө кызыктырган. Ал саясий системанын структу­ралар системасынын тынымсыз өкүм сүрүүсүн камсыз кылуудагы ролу жөнүндөгү маселени кой­гон. Истон саясий системаны өз ара аракеттер ка­тары аныктайт. Ошол өз ара аракеттердин жар­дамы м-н коом авторитеттүү түрдө бөлүштүрүлөт ж-а анын негизинде коомдун мүчөлөрүнүн орто­сундагы конфликттерге жол берилбейт. Кайсы саясий система болбосун, аны жашап турат де­ген көз караш м-н карап, Истон системанын кирүү­сүндөгү ж-а чыгуусундагы жашоонун көрсөткөн күчтөрүн өлчөөдө «кибернетикалык принципти» колдонгон. Анын «кирүүсүндө» – жарандардын суроолору ж-а талаптары, ал эми «чыгуусунда» – бийликтин чечимдери ж-а аракеттери болот. Экинчи артыкчылыгы, Истондун эң сонун стан­дартташтырылган ж-а логикалык концепция­лык структурасы ар кандай саясий системалар­ды салыштырмалуу анализ жүргүзүүгө жардам берет. | ||
өзгөрүп ж-а өкүм сүрүп туруучу, динамикалык | |||
система экендигине негизги көңүлдү бургандыгын­да. | |||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:33, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
И́СТОН Дейвид (24. 6. 1917-жылы туулган, Канада, Торонто) – америкалык саясат таануучу. Саясат таанууда биринчилерден болуп системалык ыкманы колдонгон. Истондун үчилтиги: «Саясий система» (1953), «Саясий анализ үчүн концепциялык структура» (1965), «Саясий турмушту системалык анализдөө» (1965) – бул системалык анализди саясат таанууда пайдаланууга кийирген зор салым. Истондун саясий анализ методу эки артыкчылыкка ээ. Биринчиден, саясий система бул анын структураларынын өз ара аракеттеринин жөн гана системасы эмес, бул дайыма өзгөрүп ж-а өкүм сүрүп туруучу, динамикалык система экендигине негизги көңүлдү бургандыгында. Истонду өтүп жаткан процесстерди анализдөө кызыктырган. Ал саясий системанын структуралар системасынын тынымсыз өкүм сүрүүсүн камсыз кылуудагы ролу жөнүндөгү маселени койгон. Истон саясий системаны өз ара аракеттер катары аныктайт. Ошол өз ара аракеттердин жардамы м-н коом авторитеттүү түрдө бөлүштүрүлөт ж-а анын негизинде коомдун мүчөлөрүнүн ортосундагы конфликттерге жол берилбейт. Кайсы саясий система болбосун, аны жашап турат деген көз караш м-н карап, Истон системанын кирүүсүндөгү ж-а чыгуусундагы жашоонун көрсөткөн күчтөрүн өлчөөдө «кибернетикалык принципти» колдонгон. Анын «кирүүсүндө» – жарандардын суроолору ж-а талаптары, ал эми «чыгуусунда» – бийликтин чечимдери ж-а аракеттери болот. Экинчи артыкчылыгы, Истондун эң сонун стандартташтырылган ж-а логикалык концепциялык структурасы ар кандай саясий системаларды салыштырмалуу анализ жүргүзүүгө жардам берет.