ИСТОН
И́СТОН Дейвид (24. 6. 1917-жылы туулган, Канада, Торонто) – америкалык саясат таануучу. Саясат таанууда биринчилерден болуп системалык ыкманы колдонгон. Истондун үчилтиги: «Саясий система» (1953), «Саясий анализ үчүн концепциялык структура» (1965), «Саясий турмушту системалык анализдөө» (1965) – бул системалык анализди саясат таанууда пайдаланууга кийирген зор салым. Истондун саясий анализ методу эки артыкчылыкка ээ. Биринчиден, саясий система бул анын структураларынын өз ара аракеттеринин жөн гана системасы эмес, бул дайыма өзгөрүп ж-а өкүм сүрүп туруучу, динамикалык система экендигине негизги көңүлдү бургандыгында. Истонду өтүп жаткан процесстерди анализдөө кызыктырган. Ал саясий системанын структуралар системасынын тынымсыз өкүм сүрүүсүн камсыз кылуудагы ролу жөнүндөгү маселени койгон. Истон саясий системаны өз ара аракеттер катары аныктайт. Ошол өз ара аракеттердин жардамы м-н коом авторитеттүү түрдө бөлүштүрүлөт ж-а анын негизинде коомдун мүчөлөрүнүн ортосундагы конфликттерге жол берилбейт. Кайсы саясий система болбосун, аны жашап турат деген көз караш м-н карап, Истон системанын кирүүсүндөгү ж-а чыгуусундагы жашоонун көрсөткөн күчтөрүн өлчөөдө «кибернетикалык принципти» колдонгон. Анын «кирүүсүндө» – жарандардын суроолору ж-а талаптары, ал эми «чыгуусунда» – бийликтин чечимдери ж-а аракеттери болот. Экинчи артыкчылыгы, Истондун эң сонун стандартташтырылган ж-а логикалык концепциялык структурасы ар кандай саясий системаларды салыштырмалуу анализ жүргүзүүгө жардам берет.