ИНДИКАТОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИНДИКА&#769;ТОР</b> (лат. indicаtor – көрсөтөм, анык&shy;тайм) – процессти же байкалуучу объектинин абалын ж-а анын сан ж-а сапат мүнөздөмөлөрүн адамдын кабыл алуусуна ыңгайлуу формада ча&shy;гылдыруучу прибор, түзүлүш же элемент. Сиг&shy;нал адамдын сезүү органдарына таасир этиши&shy;не жараша: көрүү, акустикалык, тери сезимдик ж. б. болуп бөлүнөт. Информациянын 90%и адамдын көрүү сезими м-н кабыл алынат. Акус&shy;тикалык И. объект начар көрүнгөндө пайдала&shy;нылат. Тери сезим И-у келген сигналга адам&shy;дын тез реакциясы керек болгон учурда көрүү сезими м-н бирге колдонулат. Жөнөкөй түзүлүш&shy;төгү сигналдык И-лорго сигналдык лампа, кон&shy;гуроо ж. б. кирет. Ченелүүчү же текшерилүүчү
<b type='title'>ИНДИКА&#769;ТОР</b> (лат. indicаtor – көрсөтөм, анык&shy;тайм) – процессти же байкалуучу объектинин абалын ж-а анын сан ж-а сапат мүнөздөмөлөрүн адамдын кабыл алуусуна ыңгайлуу формада ча&shy;гылдыруучу прибор, түзүлүш же элемент. Сиг&shy;нал адамдын сезүү органдарына таасир этиши&shy;не жараша: көрүү, акустикалык, тери сезимдик ж. б. болуп бөлүнөт. Информациянын 90%и адамдын көрүү сезими м-н кабыл алынат. Акус&shy;тикалык индикатор объект начар көрүнгөндө пайдала&shy;нылат. Тери сезим индикатору келген сигналга адам&shy;дын тез реакциясы керек болгон учурда көрүү сезими м-н бирге колдонулат. Жөнөкөй түзүлүш&shy;төгү сигналдык индикаторлорго сигналдык лампа, кон&shy;гуроо ж. б. кирет. Ченелүүчү же текшерилүүчү чоңдуктардын (убакыт, аралык, багыт, ылдам&shy;дык, чыгым, температура ж. б.) сан маанисин көр&shy;сөтүш үчүн жебелүү индикатор пайдаланылат. Сандуу индикатор – информациянын так санын билдирүүчү барабан түрүндөгү эсептегич же проекциялык прибор. Көрсөтмө индикатор объектинин мейкиндик&shy;теги абалын аныктоочу чоңдуктардын өзгөрү&shy;шүн электрон-нур түтүгүнүн экранында график же ийри сызык түрүндө көрсөтөт. Проекциялык индикатор проекциялоочу түзүлүштөрдөн ж-а экрандар&shy;дан турат да татаал ж-а түрдүү көп маалымат&shy;тарды чагылдырат. Айкалышкан индикатор калканч&shy;тын бетинен же оператордун пультунан көрүү үчүн кызмат кылат. Мындай индикатор самолётторду түн ичинде кондурууга жардам берет. Индикатор илимий-изилдөө ишинде, техникада, үй-тиричилигинде кеңири пайдаланылат.
чоңдуктардын (убакыт, аралык, багыт, ылдам&shy;дык, чыгым, темп-ра ж. б.) сан маанисин көр&shy;сөтүш үчүн жебелүү И. пайдаланылат. Сандуу И. – информациянын так санын билдирүүчү барабан түрүндөгү эсептегич же проекциялык прибор. Көрсөтмө И. объектинин мейкиндик&shy;теги абалын аныктоочу чоңдуктардын өзгөрү&shy;шүн электрон-нур түтүгүнүн экранында график же ийри сызык түрүндө көрсөтөт. Проекциялык И. проекциялоочу түзүлүштөрдөн ж-а экрандар&shy;дан турат да татаал ж-а түрдүү көп маалымат&shy;тарды чагылдырат. Айкалышкан И. калканч&shy;тын бетинен же оператордун пультунан көрүү
үчүн кызмат кылат. Мындай И. самолётторду
түн ичинде кондурууга жардам берет. И. ил.-из. ишинде, техникада, үй-тиричилигинде кеңири пайдаланылат.
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

09:15, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИНДИКА́ТОР (лат. indicаtor – көрсөтөм, анык­тайм) – процессти же байкалуучу объектинин абалын ж-а анын сан ж-а сапат мүнөздөмөлөрүн адамдын кабыл алуусуна ыңгайлуу формада ча­гылдыруучу прибор, түзүлүш же элемент. Сиг­нал адамдын сезүү органдарына таасир этиши­не жараша: көрүү, акустикалык, тери сезимдик ж. б. болуп бөлүнөт. Информациянын 90%и адамдын көрүү сезими м-н кабыл алынат. Акус­тикалык индикатор объект начар көрүнгөндө пайдала­нылат. Тери сезим индикатору келген сигналга адам­дын тез реакциясы керек болгон учурда көрүү сезими м-н бирге колдонулат. Жөнөкөй түзүлүш­төгү сигналдык индикаторлорго сигналдык лампа, кон­гуроо ж. б. кирет. Ченелүүчү же текшерилүүчү чоңдуктардын (убакыт, аралык, багыт, ылдам­дык, чыгым, температура ж. б.) сан маанисин көр­сөтүш үчүн жебелүү индикатор пайдаланылат. Сандуу индикатор – информациянын так санын билдирүүчү барабан түрүндөгү эсептегич же проекциялык прибор. Көрсөтмө индикатор объектинин мейкиндик­теги абалын аныктоочу чоңдуктардын өзгөрү­шүн электрон-нур түтүгүнүн экранында график же ийри сызык түрүндө көрсөтөт. Проекциялык индикатор проекциялоочу түзүлүштөрдөн ж-а экрандар­дан турат да татаал ж-а түрдүү көп маалымат­тарды чагылдырат. Айкалышкан индикатор калканч­тын бетинен же оператордун пультунан көрүү үчүн кызмат кылат. Мындай индикатор самолётторду түн ичинде кондурууга жардам берет. Индикатор илимий-изилдөө ишинде, техникада, үй-тиричилигинде кеңири пайдаланылат.