ИНДИКАТОР
ИНДИКА́ТОР (лат. indicаtor – көрсөтөм, аныктайм) – процессти же байкалуучу объектинин абалын ж-а анын сан ж-а сапат мүнөздөмөлөрүн адамдын кабыл алуусуна ыңгайлуу формада чагылдыруучу прибор, түзүлүш же элемент. Сигнал адамдын сезүү органдарына таасир этишине жараша: көрүү, акустикалык, тери сезимдик ж. б. болуп бөлүнөт. Информациянын 90%и адамдын көрүү сезими м-н кабыл алынат. Акустикалык индикатор объект начар көрүнгөндө пайдаланылат. Тери сезим индикатору келген сигналга адамдын тез реакциясы керек болгон учурда көрүү сезими м-н бирге колдонулат. Жөнөкөй түзүлүштөгү сигналдык индикаторлорго сигналдык лампа, конгуроо ж. б. кирет. Ченелүүчү же текшерилүүчү чоңдуктардын (убакыт, аралык, багыт, ылдамдык, чыгым, температура ж. б.) сан маанисин көрсөтүш үчүн жебелүү индикатор пайдаланылат. Сандуу индикатор – информациянын так санын билдирүүчү барабан түрүндөгү эсептегич же проекциялык прибор. Көрсөтмө индикатор объектинин мейкиндиктеги абалын аныктоочу чоңдуктардын өзгөрүшүн электрон-нур түтүгүнүн экранында график же ийри сызык түрүндө көрсөтөт. Проекциялык индикатор проекциялоочу түзүлүштөрдөн ж-а экрандардан турат да татаал ж-а түрдүү көп маалыматтарды чагылдырат. Айкалышкан индикатор калканчтын бетинен же оператордун пультунан көрүү үчүн кызмат кылат. Мындай индикатор самолётторду түн ичинде кондурууга жардам берет. Индикатор илимий-изилдөө ишинде, техникада, үй-тиричилигинде кеңири пайдаланылат.