ИЙКЕМДҮҮ ВАЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЙКЕМДҮҮ ВАЛ</b> – бурулууга туруктуу, бирок жакшы ийилүүчү вал. Ал иштөө убагында бири­бирине болгон абалы өзгөрүп турган окторго ай­лануу ж-а толгонуу моменттерин өткөрүүдө кол­донулат. Зымдан жасалган | <b type='title'>ИЙКЕМДҮҮ ВАЛ</b> – бурулууга туруктуу, бирок жакшы ийилүүчү вал. Ал иштөө убагында бири ­бирине болгон абалы өзгөрүп турган окторго ай­лануу ж-а толгонуу моменттерин өткөрүүдө кол­донулат. Зымдан жасалган ийкемдүү вал кайсы багыт­та болбосун ийкемдүү иштейт. Ал бир нече зым катмарларынан чыйратылып жасалган валдан турат, анын уч жагында кыймыл бергичке ту­таштыруу үчүн арматура (патрон) болот. Вал­дын сырт жагы урунуудан сактоо ж-а майлоочу майды кармап туруучу ийкемдүү соот (броня) м-н капталат. Ийкемдүү вал оңго ж-а солго айлануучу болуп бөлүнөт, себеби вал айланганда зымдын сырткы катмары чыйралып турушу керек. Зым­дан жасалган ийкемдүү вал механикалаштырылган кол аспаптарда ж-а приборлордо (мисалы, тиш дары­лоочу бор машинасында ж-а жүн кыркуучу ма­шинада) орнотулат. Айрым учурда (мисалы, көп корпустуу буу турбиналарында) бири-бири м-н шарнирдүү туташтырылып, кыска звенодон тур­ган, сырты капталган шарнирдүү ийкемдүү вал пайдала­нылат. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
07:48, 15 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЙКЕМДҮҮ ВАЛ – бурулууга туруктуу, бирок жакшы ийилүүчү вал. Ал иштөө убагында бири бирине болгон абалы өзгөрүп турган окторго айлануу ж-а толгонуу моменттерин өткөрүүдө колдонулат. Зымдан жасалган ийкемдүү вал кайсы багытта болбосун ийкемдүү иштейт. Ал бир нече зым катмарларынан чыйратылып жасалган валдан турат, анын уч жагында кыймыл бергичке туташтыруу үчүн арматура (патрон) болот. Валдын сырт жагы урунуудан сактоо ж-а майлоочу майды кармап туруучу ийкемдүү соот (броня) м-н капталат. Ийкемдүү вал оңго ж-а солго айлануучу болуп бөлүнөт, себеби вал айланганда зымдын сырткы катмары чыйралып турушу керек. Зымдан жасалган ийкемдүү вал механикалаштырылган кол аспаптарда ж-а приборлордо (мисалы, тиш дарылоочу бор машинасында ж-а жүн кыркуучу машинада) орнотулат. Айрым учурда (мисалы, көп корпустуу буу турбиналарында) бири-бири м-н шарнирдүү туташтырылып, кыска звенодон турган, сырты капталган шарнирдүү ийкемдүү вал пайдаланылат.