ИЙКЕМДҮҮ ВАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙКЕМДҮҮ ВАЛ – бурулууга туруктуу, бирок жакшы ийилүүчү вал. Ал иштөө убагында бири ­бирине болгон абалы өзгөрүп турган окторго ай­лануу ж-а толгонуу моменттерин өткөрүүдө кол­донулат. Зымдан жасалган ийкемдүү вал кайсы багыт­та болбосун ийкемдүү иштейт. Ал бир нече зым катмарларынан чыйратылып жасалган валдан турат, анын уч жагында кыймыл бергичке ту­таштыруу үчүн арматура (патрон) болот. Вал­дын сырт жагы урунуудан сактоо ж-а майлоочу майды кармап туруучу ийкемдүү соот (броня) м-н капталат. Ийкемдүү вал оңго ж-а солго айлануучу болуп бөлүнөт, себеби вал айланганда зымдын сырткы катмары чыйралып турушу керек. Зым­дан жасалган ийкемдүү вал механикалаштырылган кол аспаптарда ж-а приборлордо (мисалы, тиш дары­лоочу бор машинасында ж-а жүн кыркуучу ма­шинада) орнотулат. Айрым учурда (мисалы, көп корпустуу буу турбиналарында) бири-бири м-н шарнирдүү туташтырылып, кыска звенодон тур­ган, сырты капталган шарнирдүү ийкемдүү вал пайдала­нылат.