ДӨӨЛӨС БААТЫР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДӨӨЛӨС БААТЫР''' , Д ө ө л ө с б а к т ы  К ы л­ ж ы р  у у л у (16-кылым) – кыргыздардын калмак­тарга каршы күрөшүндө кол баштаган баатыр; Тагай бийдин небереси, Орозбактынын бир туу­ганы (к. ''Бугу''). Дөөлөс баатырдын тукуму ''сарыбагыш'' ата­лып, анын эрдиктери Осмонаалы Сыдык уулу­нун, Белек Солтоноевдун ж. б. эмгектерде ай­тылат. Ал кыргыздарга коркунуч туудурган кал­мактарга жортуул уюштуруп, алардын айыл­дарына бүлгүн салып турган. Санжырада ай­тылган маалыматтарга караганда калмактар аны айла-амал м-н колго түшүрүп, орго салып салганда, коңтаажынын Көкмончок аттуу кызы аны ордон чыгарып, турмушка чыккан. Дөөлөсдан Токо, Жантай, Элчибек ж-а Манап деген уул­дар тараган.  
'''ДӨӨЛӨС БААТЫР''', Дөөлөсбакты Кылжыр уулу (16-кылым) – [[кыргыздар]]дын [[Калмактар|калмак­тар]]га каршы күрөшүндө кол баштаган баатыр; [[Тагай бий]]дин небереси, Орозбактынын бир туу­ганы (кара: [[Бугу]]). Дөөлөс баатырдын тукуму [[сарыбагыш]] ата­лып, анын эрдиктери [[Осмонаалы Сыдык уулу]]­нун, [[Белек Солтоноев]]дун ж. б. эмгектерде ай­тылат. Ал кыргыздарга коркунуч туудурган кал­мактарга жортуул уюштуруп, алардын айыл­дарына бүлгүн салып турган. [[Санжыра]]да ай­тылган маалыматтарга караганда калмактар аны айла-амал менен колго түшүрүп, орго салып салганда, [[коңтаажы]]нын Көкмончок аттуу кызы аны ордон чыгарып, турмушка чыккан. Кыргыз санжыраларынын басымдуу бөлүгүндө Дөөлөс баатырдын байбичесинен Токо, Жантай, Көкмончоктон Элчибек, ал эми [[күң]] алган аялынан [[Манап]] деген уул­дар тараганы айтылат (кара: [[Кыргыз санжырасы]]).
 
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996.  


''Ө. Осмонов.''  
''Ө. Осмонов.''  
[[Категория:3-том, 86-170 бб]]
[[Категория:3-том, 86-170 бб]]

02:54, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ДӨӨЛӨС БААТЫР, Дөөлөсбакты Кылжыр уулу (16-кылым) – кыргыздардын калмак­тарга каршы күрөшүндө кол баштаган баатыр; Тагай бийдин небереси, Орозбактынын бир туу­ганы (кара: Бугу). Дөөлөс баатырдын тукуму сарыбагыш ата­лып, анын эрдиктери Осмонаалы Сыдык уулу­нун, Белек Солтоноевдун ж. б. эмгектерде ай­тылат. Ал кыргыздарга коркунуч туудурган кал­мактарга жортуул уюштуруп, алардын айыл­дарына бүлгүн салып турган. Санжырада ай­тылган маалыматтарга караганда калмактар аны айла-амал менен колго түшүрүп, орго салып салганда, коңтаажынын Көкмончок аттуу кызы аны ордон чыгарып, турмушка чыккан. Кыргыз санжыраларынын басымдуу бөлүгүндө Дөөлөс баатырдын байбичесинен Токо, Жантай, Көкмончоктон Элчибек, ал эми күң алган аялынан Манап деген уул­дар тараганы айтылат (кара: Кыргыз санжырасы).

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996.

Ө. Осмонов.