ДӨӨЛӨС БААТЫР
ДӨӨЛӨС БААТЫР, Дөөлөсбакты Кылжыр уулу (16-кылым) – кыргыздардын калмактарга каршы күрөшүндө кол баштаган баатыр; Тагай бийдин небереси, Орозбактынын бир тууганы (кара: Бугу). Дөөлөс баатырдын тукуму сарыбагыш аталып, анын эрдиктери Осмонаалы Сыдык уулунун, Белек Солтоноевдун ж. б. эмгектерде айтылат. Ал кыргыздарга коркунуч туудурган калмактарга жортуул уюштуруп, алардын айылдарына бүлгүн салып турган. Санжырада айтылган маалыматтарга караганда калмактар аны айла-амал менен колго түшүрүп, орго салып салганда, коңтаажынын Көкмончок аттуу кызы аны ордон чыгарып, турмушка чыккан. Кыргыз санжыраларынын басымдуу бөлүгүндө Дөөлөс баатырдын байбичесинен Токо, Жантай, Көкмончоктон Элчибек, ал эми күң алган аялынан Манап деген уулдар тараганы айтылат (кара: Кыргыз санжырасы).
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996.
Ө. Осмонов.