ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ''' Түркстан Республикасы­нын 1920-жылдын 8-февралдагы токтому боюнча Орто Азия­да ак гвардиячыларга | '''ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ''' – [[Түркстан Республикасы]]­нын 1920-жылдын 8-февралдагы токтому боюнча [[Орто Азия]]­да ак гвардиячыларга жана басмачыларга (кара: [[Басмачылык]]) кар­шы түзүлгөн аскердик бөлүк. Верный жана [[Пишпек|Пиш­пек]] уезддеринен куралган бул полктун кол башчысы [[Магазы Масанчин]] болгон. Дунган атчандар полку 1921-жылы [[Фергана өрөөнү]]ндө Сали Максум, Аман-палван ж.б. корбашылар башындагы басмачылар тобун талкалап, Оро-Төбө районун басмачылардан 3 ай коргогон. 1923-жылы басмачылардын негизги күч­төрү талкалангандан кийин таркатылган. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
03:06, 20 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ – Түркстан Республикасынын 1920-жылдын 8-февралдагы токтому боюнча Орто Азияда ак гвардиячыларга жана басмачыларга (кара: Басмачылык) каршы түзүлгөн аскердик бөлүк. Верный жана Пишпек уезддеринен куралган бул полктун кол башчысы Магазы Масанчин болгон. Дунган атчандар полку 1921-жылы Фергана өрөөнүндө Сали Максум, Аман-палван ж.б. корбашылар башындагы басмачылар тобун талкалап, Оро-Төбө районун басмачылардан 3 ай коргогон. 1923-жылы басмачылардын негизги күчтөрү талкалангандан кийин таркатылган.