ДОСТУК БЕРИЛЛИЙ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДОСТУК БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ''' Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин темир жол бекетинен 49 ''км'' түндүктө, Кур-Сай | '''ДОСТУК БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ''' Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин темир жол бекетинен 49 ''км'' түндүктө, Кур-Сай жана Достук-Сай сууларынын аралыгын­да, деңиз деңгээлинен 2250–2450 ''м'' бийиктикте жай­гашкан. 1961–65-жылдарда издөө-баалоо иштери жүр­гүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинин терри­ген-жанар тоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку пермдин лейкократтуу граниттери жиреп чык­кан. Кенташ тулкулары фенакит жана берилл ми­нералдары менен флюорит метасоматитинен түзү­лүп, түндүк-батыш жана түндүк-чыгыш тарапка созул­ган талкаланды зоналарда жайгашкан. Кенташ тулкуларынын узундугу 20–500 ''м'', калыңдыгы 0,1 ''м''ден 13,5 ''м''ге чейин. Бериллий кычкылынын орточо өлчөмү 0,113%. Кенташтын болжолдуу ресурсу – 7604,5 миң т, бериллий кычкылыныкы – 8625 т. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
10:07, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДОСТУК БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин темир жол бекетинен 49 км түндүктө, Кур-Сай жана Достук-Сай сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 2250–2450 м бийиктикте жайгашкан. 1961–65-жылдарда издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинин терриген-жанар тоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку пермдин лейкократтуу граниттери жиреп чыккан. Кенташ тулкулары фенакит жана берилл минералдары менен флюорит метасоматитинен түзүлүп, түндүк-батыш жана түндүк-чыгыш тарапка созулган талкаланды зоналарда жайгашкан. Кенташ тулкуларынын узундугу 20–500 м, калыңдыгы 0,1 мден 13,5 мге чейин. Бериллий кычкылынын орточо өлчөмү 0,113%. Кенташтын болжолдуу ресурсу – 7604,5 миң т, бериллий кычкылыныкы – 8625 т.