ДОЛОН БИЙ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДОЛОН БИЙ''' – | '''ДОЛОН БИЙ''' – санжыралык-ге­неологиялык маалыматтарында айтылган кыргыздардын түпкү атасы. Ферганалык молдо Сайф ад-Дин Аксыкенти­нин 16-кылымга таандык тажик тилиндеги «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») аттуу кол жазмасында Долон бий менен кошо анын жети атасы Аналхак, Арслан бий, Мары бий, Шүкүр бий, Сангин бий, Сары бий, Домбур (Домбул) бий­лердин ысымдары сакталып калган. Башка тарыхый-генеологиялык уламыштарда Долон бий тууралуу кыскача гана маалыматтар айтылат. Анда Долон бийдин Ак уул жана Куу уул аттуу балдары бо­луп, алардан тараган тукум кыргыздын оң жана сол деген эки канатын түзүшкөн. Санжыранын соңку варианттарында Долон бийдин сөөгү Борбордук Те­ңир-Тоого коюлуп, анын ысмынан ашуунун аты аталып калганы эскерилет. 16-кылымдын та­рыхый дареги «Тарих-и Рашидиде» Долон то­понимикалык аталыш катары ошол эле аймакта жайгашкан. | ||
''Т. Асанов.'' | ''Т. Асанов.'' | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
03:57, 31 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ДОЛОН БИЙ – санжыралык-генеологиялык маалыматтарында айтылган кыргыздардын түпкү атасы. Ферганалык молдо Сайф ад-Дин Аксыкентинин 16-кылымга таандык тажик тилиндеги «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») аттуу кол жазмасында Долон бий менен кошо анын жети атасы Аналхак, Арслан бий, Мары бий, Шүкүр бий, Сангин бий, Сары бий, Домбур (Домбул) бийлердин ысымдары сакталып калган. Башка тарыхый-генеологиялык уламыштарда Долон бий тууралуу кыскача гана маалыматтар айтылат. Анда Долон бийдин Ак уул жана Куу уул аттуу балдары болуп, алардан тараган тукум кыргыздын оң жана сол деген эки канатын түзүшкөн. Санжыранын соңку варианттарында Долон бийдин сөөгү Борбордук Теңир-Тоого коюлуп, анын ысмынан ашуунун аты аталып калганы эскерилет. 16-кылымдын тарыхый дареги «Тарих-и Рашидиде» Долон топонимикалык аталыш катары ошол эле аймакта жайгашкан.
Т. Асанов.