АРИСТОКРАТИЯ: нускалардын айырмасы
imported>Kadyrm м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (4)) |
imported>Gulira No edit summary |

| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АРИСТОКРАТИЯ''' (гр. aristos – мыкты жана кратия – бийлик, мыктылардын бийлиги) – 1) бийлик уруулук ак сөөктөргө таандык | '''АРИСТОКРАТИЯ''' (гр. aristos – мыкты жана кратия – бийлик, мыктылардын бийлиги) – 1) бийлик уруулук ак сөөктөргө таандык болгон мамлекеттик башкаруу формасы. «Аристократия» деген сөз 1-жолу байыркы грек ойчулдары (Платон, Аристотель, кийинчерээк Полибий) тарабынан ошол кездеги кулчулук мамлекеттин башкаруу формаларынын бирин белгилөө катары сунуш кылынган. Аристократиялык республиканын үлгүсү катары байыркы грек Спартасы, Рим (биздин заманга чейин 6–1 кылым), Карфаген; орто кылымдардагы Европадагы Венеция, Россиядагы Новгород жана Псков республикалары эсептелет. Анда бардык бийлик толугу менен «мыкты» деп саналган «тектүү», адамдар тобунун колунда болгон жана ал мурас катары өтүп турган. 2) Атайын титулдары (граф, барон, князь, чынжырлуу манап, султан, төрө жана башка) , артыкчылыктары (бийлик чөйрөсүнө тикелей катышуучулугу, ири байлык ээси) менен айырмаланган жана аларды укумдан-тукумга, атадан-балага мурастоо укугуна ээ болгон төбөлдөрдүн жогорку катмары (Рим патрицийлери, афиныдагы эвпатрилер, Таунтинсуйу инкилер, көчмөн түрк элдердеги бийлер, султандар жана башкалар). Соңку учурда Аристократиянын ролун ''элита'' алмаштырууда.

[[Категория:1-Том]] | |||
11:09, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АРИСТОКРАТИЯ (гр. aristos – мыкты жана кратия – бийлик, мыктылардын бийлиги) – 1) бийлик уруулук ак сөөктөргө таандык болгон мамлекеттик башкаруу формасы. «Аристократия» деген сөз 1-жолу байыркы грек ойчулдары (Платон, Аристотель, кийинчерээк Полибий) тарабынан ошол кездеги кулчулук мамлекеттин башкаруу формаларынын бирин белгилөө катары сунуш кылынган. Аристократиялык республиканын үлгүсү катары байыркы грек Спартасы, Рим (биздин заманга чейин 6–1 кылым), Карфаген; орто кылымдардагы Европадагы Венеция, Россиядагы Новгород жана Псков республикалары эсептелет. Анда бардык бийлик толугу менен «мыкты» деп саналган «тектүү», адамдар тобунун колунда болгон жана ал мурас катары өтүп турган. 2) Атайын титулдары (граф, барон, князь, чынжырлуу манап, султан, төрө жана башка) , артыкчылыктары (бийлик чөйрөсүнө тикелей катышуучулугу, ири байлык ээси) менен айырмаланган жана аларды укумдан-тукумга, атадан-балага мурастоо укугуна ээ болгон төбөлдөрдүн жогорку катмары (Рим патрицийлери, афиныдагы эвпатрилер, Таунтинсуйу инкилер, көчмөн түрк элдердеги бийлер, султандар жана башкалар). Соңку учурда Аристократиянын ролун элита алмаштырууда.