АРИСТОКРАТИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИСТОКРАТИЯ (гр. aristos – мыкты жана кратия – бийлик, мыктылардын бийлиги) – 1) бийлик уруулук ак сөөктөргө таандык бол­гон мамлекеттик башкаруу формасы. «Аристократия» деген сөз 1-жолу байыркы грек ойчулдары (Платон, Арис­тотель, кийинчерээк Полибий) тарабынан ошол кездеги кулчулук мамлекеттин башкаруу формаларынын бирин белгилөө катары сунуш кылынган. Аристократиялык республиканын үлгүсү катары байыркы грек Спартасы, Рим (биздин заманга чейин 6–1 кылым), Карфаген; орто кылымдардагы Европадагы Вене­ция, Россиядагы Новгород жана Псков республикалары эсептелет. Анда бардык бийлик толугу менен «мыкты» деп саналган «тектүү», адамдар тобунун колунда болгон жана ал мурас катары өтүп турган. 2) Атайын титулдары (граф, барон, князь, чынжырлуу манап, султан, төрө жана башка) , артыкчылыктары (бийлик чөйрөсүнө тикелей катышуучулугу, ири байлык ээси) менен айырмаланган жана аларды укумдан-тукумга, атадан-балага мурастоо укугуна ээ болгон төбөлдөрдүн жогорку катмары (Рим патрицийлери, афиныдагы эвпатрилер, Таунтинсуйу инкилер, көчмөн түрк элдердеги бийлер, султандар жана башкалар). Соңку учурда Аристократиянын ролун элита алмаштырууда.